Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Күн тартибинде актуалдуу маселелер каралды

28-апрель күнү Жалал-Абад облустук усулдук борбордун жыйындар залында борбор менен Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад облустук комитетинин кошмо кеӊешмеси өткөрүлдү.

    Ага облустагы райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук, шаардык комитеттеринин төрагалары чакырылды.

     Кошмо жыйындын күн тартибинде:

     2017-жылдагы окуучулардын Республикалык олимпиадасынын жыйынтыктары.

         Мектеп жашындагы окуучулардын укук бузуулары, суициддин алдын-алуу, түшүндүрүү иштеринин абалы.

     Жарандардан арыздары, даттануулары алар менен иштөөнүн жолдору жана формалары.

      Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук, шаардык жана Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинин кесиптик бирлик комитеттеринин жоболорун бекитүү жөнүндө.

     Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад обкомунун иштөө тартиби жана регламентин бекитүү жөнүндө.

      БКнын профсоюздук кызматкердин этикасы жөнүндөгү жобосун бекитүү тууралуу Президиумдун (11.04.2017-жыл) токтомун ишке ашыруу жөнүндө. 

   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (№258 27-апрель 2015-жыл) оор шартта иштегендер үчүн кошумча төлөмдөр жөнүндөгү токтомун билим берүү мекемелеринде ишке ашыруунуу көзөмөлдөө жөнүндө.                                                  

  Тармактык профсоюздун маалыматтык иштеринин өнүгүү динамикасы жөнүндөгү (11.04.2014-ж) БКнын токтомун жүзөгө ашыруу жөнүндөгү маселелер каралды.

     Кошмо жыйынды облустук усулдук борбордун директору А.Токтосунов, обкомдун төрагасы А.Исмаиловдор ачышты. Күн тартибине сунуш кылынган маселелер боюнча аларды даярдаган жооптуу кызматкерлердин билдирүүлөрү угулгандан кийин кеӊири талкуу уюштурулду.

    Талкуу учурунда Көк-Жаӊгак шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.Сейдахматова, Базар-Коргон райондук билим бөлүмүнүн башчысы Т.Усенов, Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Шабданов, Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы У.Зиябекова,   Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сузак, Кара-Көл райшааркомдорунун төрагалары А.Орозалиев, А.Каракозуевалар сөз сүйлөштү.

   Кошмо жыйындын ишине Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орунбасары Р.Ызабеков катышып, күн тартибиндеги маселелер боюнча ой-пикирлерин билдирди.

   Биргелешип иштөө менен маселелерди чечүү ийгиликке жол ача тургандыгына басым жасады.

  Ага билим берүү жана профсоюз кызматкерлери тарабынан бир катар көйгөйлүү маселелер боюнча суроолор берилди. Өз кезегинде өкүл кайрылгандардын көйгөйлүү суроолорун чечүүгө тиешелүү органдар менен көмөк көрсөтө тургандыгын убадалады.

   Кошмо жыйындын соӊунда тиешелүү токтомдор кабыл алынды.

   Биргелешкен жыйын максатына жетти деп катышуучулар билдиришти.

   Кеӊешменин ишин борбордун директору А.Токтосунов, обкомдун төрагасы А.Исмаиловдор жыйынтыкташты.