Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ӨКМ өкүлдөрү ОГПИде

КРдин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2019-жылдын потенциалдуу коркунучу бар аймактарында жашаган калкты жана кызматкерлерди жеринде барып окутуу жана коомчулукка коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү планына ылайык Ош гуманитардык-педагогикалык  институтунда студенттерге жана окутуучуларга министрликтин тиешелүү адистери тарабынан окутуу иши жүргүзүлдү. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирет.

 Иш чарага КРдин ӨКМнин    жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун түштүк кафедрасынын башчысы, подполковник Д.Садиков, КРдин ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын Жарандык коргонуу бөлүмүнүн улук офицери, улук лейтенант А.Абдубалиева, КРдин ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын жарандык коргонуу бөлүмүнүн  жетектөөчү адиси А.Матисаков баштаган өкүлдөр катышып, «Жер титирөө», «Өрт коопсуздугу» жана техникалык коопсуздук ошону менен бирге аларды алдын-алуу, болтурбоо эрежелери боюнча кеңири маалымат беришти. Иш чаранын жүрүшүндө студенттер коопсуздук жаатта түрдүү суроолор менен кайрылышып, ага адистерден толук кандуу жоопторду ала алышты. Жолугушуунун соңунда коопсуздук эрежелерин сактабоонун кесепетинен келип чыккан кырсыктарды чагылдырган тарбиялык, таасирдүү видео-ролик көрсөтүлүп, ар кимдин жашоо коопсуздугу өз колунда экендигин эскертип өтүштү.

 

Маалыматты дяардаган:

Кубаныч Жылкычы уулу