Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Көӊүл айтышып, жабыркагандардын абалынан кабар алышты

       Аксы районунда жол транспорт кырсыгына «Мамай» негизиги мектебинин 4 мугалими кабылып, кырсыкта 2 мугалимдин өмүрү кыйылып, 2 мугалим ооруканага жеткирилген.

       Алардын бири (М.Ажыбаева) Аксы райондук борборлоштурулган ооруканасынын реанимация бөлүмүнө, экинчиси (Г.Таштанова) Жалал-Абад облустук ооруканасынын травматология бөлүмүнө жайгаштырылган.

       Курамына билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад обкомунун төрагасы А.Исмаилов, бөлүм башчылар А.Бегматов, А.Айдаров, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профкомунун төрагасы К.Болотбековдор кирген топ Аксы жергесине барышып, маркумдардын арбагына арнап куран окушуп, инсандык парзын аткарышты.  

       Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө, жакын туугандарына профсоюздун Борбордук Комитетинин төрагасы А.Токтогуловдун, Ош С.Тойгонбаевдин, Баткен обкомдонун төрагасы З.Бөтөкөвдун, райшааркомдордун төрагаларынын атынан көӊүл айтышты.

      Топ «Мамай» негизги мектебинин эмгек жамааты (директору Т.Умаркулов) менен жолугушуп, оор жоготууну биримдик, ынтымак, сабырдуулук менен жеӊип, мыкты иштеп бул абалдан чыгууга боло тургандыгы жөнүндө сөз болду.

       Аксы райондук борборлоштурулган ооруканасынын реанимация бөлүмүндө жаткан М.Ажыбаеванын абалынан кабар алышып, бөлүмдүн башкы врачы менен А.Дулатова менен ангемелешишти.

       Каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө профсоюздун Борбордук Комитетинин, обкомдун, райкомдун материалдык жардамдары көрсөтүлдү.

М.Абдыкадырова – обкомдун пресс-катчысы