Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

"Китеп сатып ал"

                    Кемин районундагы А.Токтоболотов атындагы Жаны Алыш орто мектебинде  акын, котормочу  Кубанычбек Байсалбековдун  китеп сүйүүчүлөр менен кызыкту кечеси өткөрүлдү. Кеченин максаты  иновациялык технологиянын өсүү мезгилинде  Жаш муундарды көркөм окууга тартуу, маселеси камтылды. Бул кечеге Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары А.Курманалиева, Кемин райондук билим кызматкерлер профсоюзунун төрайымы А.Чылабаева жана Кемин районунун билим берүү мекемелеринде иштеген китепканачылар тартылды. Кече Жаӊы Адыш орто метебинин мугалимдер жамааты жана окуучу балдардын коштоосунда  кызыктуу өттү. Кечеде акын котормочу өзүнүн ырларын жана котормолорун окуп ,акынды коштоп келген "Кербен" тобунун акындар дагы бул өтүлгөн акцияга зор чыгармачылык менен келишкендигин жана жаш муундардын жан дүйнөсүн китеп окууга кызыктыруу алардын келечекте өз мекенине татыктуу кызмат кылышынын өбөлгөсү экендигин айтып өтүшү." Китеп билим булагы" эгер сен  жан досуна белек кылсан " китеп сатып бер" бул сенин досуна эӊ баалуу белек экендигин  унутпа.