Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ким сыйласа, өз энесин, өз тилин, барктай билет дүйнө элинин көп тилин

     Ар бир эл өзүнүн тили аркылуу гана ата-бабаларынын руху менен байланыша алат. Өз тилин жоготкон Эл ата-бабалардын руху менен болгон байланышын да жоготот. Ата-Бабалардын руху менен байланышын жоготкон эл тарыхын жоготот. Тарыхын жоготкон эл - тамырын жоготот. Тамырын жоготкон эл - анан өзү да акырындап куурап жок болот. Кыргыз тили - "Улуу тил" экендигинде шек жок. Анткени, улуу тил болбосо, ал "Манас" баштаган оозеки чыгармачылыктын 40 томдук үлгүлөрүн жаратканга күч-кубаты жетмек эмес жана көптөгөн дастандардын баарын поэзия тилине салып сүйлөтө алмак эмес. Мындай бийик деңгээлге жетүү үчүн кыргыз тили миң жылдык жолдорду басып өттү.

     Кыргыз тили – кыргыз тарыхы. Ал эл менен бирге эчен кылымдар ашып, турмуштун ар кандай шарттарын башынан өткөрүп, бүгүнкү күнгө чейин келди. Биздин ата-бабалар тилди өзүнүн "Манасы” баш болгон элдик оозеки чыгармалары менен бирге көздүн карегиндей сактап келген муундарга, бизге деп ыйык аманат катары жеткирди.         Ошентип эчен кылым карытып, эчен кыйынчылыктарга туш болуп, мамлекеттик тил статусун алган кыргыз тилине 28-жыл толуп отурат. Кадамжай районунда Кыргыз тилине мамлекеттик тил статусу берилгенин 28-жылдыгынын урматына «Ким сыйласа, өз энесин, өз тилин, барктай билет дүйнө элинин көп тилин» деген темада иш чара болуп өттү. Иш чарага райондук билим берүү бөлүмүн кызматкерлери, мекеме - иш кананын жетекчилери мугалимдер, айыл өкмөт башчылары жана жергиликтүү тургундар катышты. Иш чара жогорку деӊгээлде отуп, катышуучуларга жана уюштуруучу топко кызыктуу сыйлыктар ыйгарылып, келген конокторго жагымдуу маанай тартуулады.