Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кезектеги онлайн форматтагы пленум жемиштүү болду

2020-жылдын 4-декабрында Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин кезектеги Пленуму онлайн форматта өткөрүлдү. Өлкөбүздүн учурдагы абалын эске алуу менен пандемияда кызматкерлердин ден-соолугунун коопсуздугун сактоо үчүн аралыктан баарлашуу жана уюмдун  ишмердүүлүгүндөгү пландык иш-чараларды өткөрүү эч кандай тоскоолдукка учурабастан жаңы технологиянын жардамдары менен ишке ашырылууда.  “2020-жыл  Региондорду  өнүктүрүү,  өлкөнү  санариптештирүү  жана  балдарды  колдоо”  жылында аймактардагы   иш-чараларды  ишке  ашыруу жаңы технологиялардын  пайдалануусу,  санариптик  багытта  иштөө, байланышта болуу жагы азыркы учурда жакшыргандыгы төрага, төрайымдардын активдүүлүгүнөн байкалды. Пленумда  маселелер  каралып,   токтомдор  кабыл  алынды, кошумча сунуш киргизүү үчүн кароо жактары дагы эске алынды. Пленумдун алып барган иштерин бир добуштан канааттандырарлык деп табылып ой-пикирлер, каалоо-тилектер менен коштолду. Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Таш-көмүр шаардык комитетинин атынан Пленумдун уюштуруучуларына терең ыраазычылык билдиребиз!

Материалды даярдаган: Э.Ж.Энизалиева