Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кесиптик бирлик уюмдарынын семинар-окуулары өз жемишин берүүдө

    Кара-Суу районуну караштуу № 84 Абдурашит Парпиев атындагы орто мектебинин безасында Ош зонасында жайгашкан 65 мектептердеги баштапкы профсоюз уюмдарынын  төрага, төрайымдарынын семинары  2017-жылдын 20-апрель күнү  болуп өттү.

   «Иш кагазынын тактыгы-ийгиликтин ачкычы. Кесиптик бирлик каанасы- натыйжанын баскычы» деген темада баштапкы кесиптик бирлик уюмунун каанасы жана иш кагаздары даярдалып  семинардын катышуучуларына презентацияланды. Ошондой эле семинардын жүрүшүндө 3  ачык сабак, маданий-массалык жана эмгекти коргоо иштери боюнча комиссиялардын отурумдары  жана  окуучулардын  күчү менен даярдалган «2017-жыл - Ыйман, адеп жана маданият жылына» карата адабий кече  тартууланды.

    Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын баштапкы профсоюз уюмунун  төрайымдарынын семинары 2017-жылдын 27-апрель күнү Мады айыл аймагында жайгашкан «Ак чөлмөк» балдар бакчасына пландын негизинде семинар-окуу өткөрүлдү. Семинардын ишине райондогу 72 бала бакчалардын баштапкы профсоюз уюмдарынын төрайымдары катышты.

     «Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын ойлоо-жөндөмдүүлүгүн, адеп жана жүрүм-турумун өнүктүрүү менен патриоттуулукка тарбиялоо» деген тема кенже, ортоӊку жана жогорку тайпаларда  ачык сабактар өткөрүлдү. Мындан тышкары  бала бакчанын профсоюз уюмунун бурчун түзүү жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча практикалык жардамдар берилди.