Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кесиптик бирлик – биримдиктин кепилдиги. Спорт – ден соолуктун булагы.

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Сүлүтү шаардык комитети мугалимдердин ар тараптуу камкордугун жана колдоонун жолуна жаңыча көз караш менен жаңыча кирише баштады. 2014-2015 окуу жылынын 2-жарым жылдыгында Профсоюздун шаардык комитетинин төрагасы өз каалоосу менен жумушун тапшырып, Профсоюздун областтык комитетинин төрагасы З.Н.Бөтөковдун катышуусу менен Пленум өткөрүлүп анда жаңы төрага К.С.Кудаяров шайланды.

            Албетте жаңычыл педагог, чыныгы ишмер жетекчи катары К.С.Кудаяров билим берүү тармагында 18 жылдык тажрыйбага ээ болсо, анын ичинде 11 жылы жетекчилик кызматтарда эмгектенип келе жатат. Өзгөчө долбоорлор менен иштөөдө бир топ жетишкендиктерди жарата алды.

            Агай төрага болуп шайланган күндөн баштап профсоюз комитетинин ишин жандандыруу менен Комитеттин билим берүү бөлүмүндө кеңсесин ачып, телефон орнотуп лимитсиз ИНТЕРНЕТ түйүнүнө кошулууга жетишти.

            Профсоюздун борбордук комитетине жана областтык комитеттерине байланыш бир топ жеңилдеди жана күчөтүлдү.

Мугалимдердин ден соолугун чыңдоо жана Улуу Жеңиштин 70 жылдыгана карата иш чараларды уюштуруу максатында 23-24-март күндөрү шаардык мугалимдер арасында спорттун волейбол, стол тенниси жана шахмат түрлөрү боюнча эркектер жана аялдар командаларынын спортакиадасын жогорку деңгээлде уюштуруп өткөрүлдү.

Спортакиадага жалпы билим берүүчү 9 орто мектептен 18 команда шаардык билим берүү бөлүмүнөн 2 команда болуп, жалпы 20 команда ат салышты. Спартакиаданы уюштуруу жана жыйынтыктарды туура чыгаруу максатында уюштуруу тобу жана шаардык балдар жана өспүрүмдөр мектебинин директору Н.А.Исабаевдин жетекчилиги менен судьялар командасы уюштурулду.

Спортакиаданын ачылыш аземи В.И.Ленин атындагы №1 орто мектебинин спорт залында өткөрүлүп ага шаардын мэри А.А.Ибрагимов, ШБББнүн башчысы А.Ж.Исманов, шаардык мэриянын спорт жана жаштар бөлүмүнүн башчысы М.Убаев жана шаардын бир топ жетекчилери катышышты.

Ачылыш аземин профсоюздун шаардык комитетинин төрагасы К.С.Кудаяров алып барып, ачып берүү үчүн алгач шаардын мэри А.А.Ибрагимовго сөз берилди. А.А.Ибрагимов мугалимдерди спорт жумалыгы менен куттуктап иштерине ийгиликтерди каалады. ШБББнүн башчысы А.Ж.Исманов мугалимдер иште гана эмес спортто жана коомдук иштерде да активдүү экендигин белгилеп бул жарышта күчтүүлөр гана жеңе тургандыгына токтолуп кетти.

Жалпысынан 200гө чукул мугалимдер жана кызматкерлер катышкан бул спорттук иш чара мектептин ашканасында бардык катышуучулар үчүн уюштурулган түшкү тамактануусу менен жылдагыдан өзгөчө таң калыштуу кубандырды.

Иш чара эки күнгө созулуп, жыйынтыгында төмөнкүдөй жыйынтыктар аныкталды:

Волейбол оюну боюнча эркекетер арасында:

1-орунга  Р.Жолбаев атындагы № 4 - орто мектебинин  командасы;

2-орунга  И.Раззаков атындагы №7 – орто мектебинин командасы;

3-орунга В.И.Ленин атындагы №1-орто мектебинин командалсы жетишти.

                                               Кыздар командасы боюнча:

1-орунга  Р.Жолбаев атындагы № 4 - орто мектебинин  командасы;

2-орунга  М.Т.Ибрагимов атындагы №3 – орто мектебинин командасы;

3-орунга И.Раззаков атындагы №7 -орто мектебинин командасы жетишти.

Шахмат боюнча эркектер арасында:

1-орунга  И.Бектемиров атындагы № 8 - орто мектебинин  мугалими С.Муратов;

2-орунга  Р.Жолбаев атындагы №4 – орто мектебинин мугалим И.Жолдошев;

3-орунга Т.Рустамов атындагы №5 -орто мектебинин мугалими Б.Сатторов жетишти.

Шахмат боюнча аялдар арасында:

1-орунга  Р.Жолбаев атындагы №4 - орто мектебинин  мугалими Б.А.Ажиева;

2-орунга  шаардык билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Ф.Т.Мажитова;

3-орунга Т.Рустамов атындагы №5-орто мектебинен Ф.Мехмоновалар жетишти.

 

Стол тенниси боюнча эркектер арасында:

1-орунга  И.Бектемиров атындагы №8 - орто мектебинин  мугалими К.Раимбердиев;

2-орунга  Н.Кушматов атындагы №9 мектеп гимназиясынан Р.Сариев;

3-орунга Р.Жолбаев атындагы №4-орто мектебинин мугалими А.Салямов жетишти.

 

Стол тенниси боюнча эркектер арасында:

1-орунга  Токтогул атындагы ЖББ тех.лицеинен мугалим Кудайназар кызы Айпери;

2-орунга  шаардык билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Ф.Т.Мажитова;

3-орунгаМ.Т.Ибрагимов атындагы №3-орто мектебинин мугалими Р.Нурматовалар жетишти.

 

Жеңүүчүлөргө Профсоюздун шаардык комитети тарабынан медарлдар жана дипломдор ошондой эле акчалай сыйлыктар тапшырылды. Волейбол оюну боюнча командалык эсеп менен 1-орунга жетишкен командага өтмө кубок берилди.

Спортакиаданы уюштурууга жана өткөрүүгө жалпысынан Профсоюздун шаардык комитетинен 35000 жана шаардык мэриядан 3000 сом бөлүнүп берилди.

 

Мугалимдер эки күн кантип тез өткөнүн, оюндан чарчаганын да билшпей аябай кубанычта болушуп, жыйынтыктоочу аземде уюштуруучуларга ыраазылыктарын билдиришти.

Кесиптик бирлик ынтымактын жана биримдиктин бекемдигинин пайдубалы!

Жалпы педагогикалык кызматкерлердин атынан кесиптик кошундун шаардык комитетинин төрагасына жана ушул иш чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирип, мындан ары да мугалимдер үчүн ар тараптуу камкордуктарды жасай беришине тилектештик билдиребиз.