Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кесиптик майрамды утурлап өткөн семинар

2018-жылдын  18-октябрь күнү  Аксы районуна  караштуу  № К.Чекиров жалпы билим берүү мектебинде «Эмгекти коргоо - кызматкерлердин укугун коргоо» деген  темада  райондук семинар болуп өттү. Анда негизинен  мектепте иштеп жаткан  мугалимдер менен  кенже тех.кыматкерлерге түзүлгөн алгылыктуу иш аракеттер көрсөтүлгөн жана  жана аталган  мектептин  профсоюз комитетинин  иш кагаздарынын көргөзмөлөрү  уюштурулуп, жакшы саамалыктар  белгиленди. Ошону менен бирге семинардын  катышуучулары  өз ара пикир алышып, тажрыйба алмашышты.

Семинарга райондогу 65 мектептин  жана 25 м.ч.б.б.уюмунун төрага, төрайымдары катышты. Кесиптик  майрамга утурлай  өткөн семинарга  катышкан төрага, төрайымдар  ыраазы болуп кайтышты.

 

 

Даярдаган Султамуратов Т.