Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кесиптик бирликтин ишинде жаштардын орду

2022-жылдын 25-ноябрында Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин жаштар кеңешинин уюштуруусу менен “Кесиптик бирликтин ишинде жаштардын орду” деген аталышта областтык семинар болуп өттү.

Семинар мектепке экскурсия менен башталып, мугалимдер жана окуучулар үчүн түзүлгөн жакшы шарттар катышуучуларды кубантырды. Окуу кабинеттеринде коридорлордо коопсуздук  техникасы, санитардык-гигиеналык талаптарына ылайык жабдуу, эрежелер камсыз кылынган.

Семинар 10-ноябрь Жаштар жана 17-ноябрь студенттердин күнүна карата өткөрүлгөндүктөн Жалал-Абад обкомунун укук жана эмгекти коргоо боюнча башкы инспектору А.Айдаров иш-чараны ачып, максаттарына токтолуп, катышуучуларды майрамдар менен кызуу кууттуктады.

Семинар тармактык профсоюздун Жалал-Абад шаардык комитетинин иш тажрыйбасын үйрөнүү жана жайылтуу максатында шаардагы №6 жалпы билим берүүчү мектебинде уюштурулуп, ага тармактык профсоюздун Жалал-Абад областык комитетинин жаштар кеңшинин төрагасы З.Сулайманов, обкомдун укук жана эмгекти коргоо боюнча башкы инспектору А.Айдаров, областагы бардык райшааркомдордун, жогорку жана орто окуу жайлардын кесиптик бирлик комитеттеринин жаштар кеңешинин жетекчилери катышты.

Катышуучуларды Жалал-Абад областтык жаштар кеңешинин төрагасынын орун оасары Т.Бакиров, Жалал-Абад ШБББнын усулчусу Р.Апышева, Жалал-Абад шаардык комитеттин төрагасы  М.Мамасадыков, шааркомдун аппарат башчысы К.Акунов майрамдар менен куттукташып, жакшы каалоо тилектерин билдиришти.

Семинарда төмөнкү темалар боюнча материалдар  угулуп,  талкууланды

1. Жалал-Абад шаркомунун Жаштар кеңешинин иш тажрыйбасы тууралуу шааркомдун төрагасы М.Мамасыдыковдун билдирүүсү.

2. “10-ноябрь-Жаштар күнү” тууралуу жана ”Билим берүү кызматкерлеринин укуктарын коргоо негизги милдетибиз” темасындагы шааркомдун инспектору А.Жолдошбаевдин маалыматы.

3. Жылдын мыкты мугалими- 2022” кароо-сынагынын жеңүүчүсү №5 Б.Осмонов атындагы орто мектебинин химия мугалими М.Абиловтун иш тажрыйбасы боюнча маалыматы.

4. “Жаш мугалимдерге усулдук жардам берүү-кесиптик бирликтин негизги багыттарынын бири” темасындагы Жалал-Абад обкомунун укук жана эмгекти коргоо боюнча башкы инспектору А.Айдаровдун усулдук матерериалы.

5. ”Кесиптик бирликтин кадыр-баркын жана анын ишинин өсүп өнүгүүсүндөгү жаштардын ролу” темасында талкуу.

Семинардын программасынын мазмуну мезгил талабына туура келген актуалдуу материалдарды камтыгандыгы катышуучулардын көңүлүн буруп, кызыктуу өттү. Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун кесиптик бирлик комититетинин жаштар кеңешинин жетекчиси, профессор Ш.Ниязалиев атындагы ”Философия” кафедрасынын окутуучусу Адилет Усенов, семинарда университеттеги студент-жаштардын кесиптик бирлик бюросунун профсоюздук кыймылга жаштарды тартуу боюнча профсоюздук ийримдин иш аракеттери, өткөргөн укуктук сабактары боюнча баяндап, катышуучулардын суроолоруна жооп берип, укуктук сабаттуулук боюнча профсоюздук окуулардын маанилүүлүгүн баса белгиледи. “Алдыңкы тажрыйбаны үйрөнүү менен өз тажрыйбаңдын баюусуна шарт түзүлөөрүнө ынануу менен семинар жыйынтыкталды”- дейт Адилет Усенов.

Семинардын материалддары боюнча кызуу талкуу жана суроолор болуп катышуучулар ынанымдуу жоопторун алышты. Семинарды обкомдун инспектору А.Айдаров жыйынтыктап,  уюшуруучуларга ыраазычылыктарын билдирди.

 

Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад областтык КБКнын инспектору А.Айдаров жана ЖАМУнун кесиптик бирлик комитети