Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кесиптик бирликтин активин окутуу – кесиптик бирликтин ишинин сапатынын өбөлгөсү

2022-жылдын 15-сентябрь күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу №13 Рахманжан атындагы орто мектебинде «Кесиптик бирликтин активин окутуу – кесиптик бирликтин ишинин сапатынын өбөлгөсү» темасында мектептердин баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагаларынын райондук семинары болуп өттү.

Семинардын ачылышында №13 Рахманжан атындагы орто мектебинде өткөн окуу жылында аткарылган иштери жөнүндө баштапкы кесиптик уюмунун төрайымы Б.Маматкулова маалымат берди.

Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы К.Нышанов башталган жаңы окуу жылына алдыдагы аткарылуучу иштер, милдеттер жөнүндө айтып өттү.

Ошондой эле Борбордук комитеттин Пленумунун (27-май 2022-жыл) токтомдорун ишке ашуруу, “Жайкы эс алуу-2022” иш чараларынын жыйынтыктары, күз-кыш мезгилине даярдыктын абалы, от жаккычтарга жумушка керектүү каражаттар менен камсыз кылуу боюнча маселелерге токтолду.

Семинардын экинчи бөлүгүндө Ноокен райКБнын укук жана эмгекти коргоо боюнча инспектору Т.Бакиров 20-26-сентябрь күндөрү өтүүчү баштапкы кесиптик уюмдарынын отчеттук чогулуштарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча усулдук материалдар менен слайддар аркылуу тааныштырды.

Семинардын жүрүшүндө жаш профкомдор үчүн отчеттук чогулуштарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча практика жүзүндө топтордо иштешти.       

Семинарга жалпысынан 56 баштапкы кесиптик уюмдарынын жетекчилери катышышты.

 

Маалыматты даярдаган: №13 Рахманжан атындагы орто мектебинин жаштар кеңешинин төрагасы Дамир Абдыллаев