Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кесиптик бирлик окуу-семинары болуп өттү

2022-жылдын 27-сентябрында Өзгөн шаарында Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитети тарабынан Өзгөн районундагы мектеп, бала бакчалардын баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын жетекчилери жана мектеп директорлорунун катышышуусунда областтык семинар болуп өттү.

Семинарда Ош областтык билим илим кызматкерлеринин кеситик брлик комитетинин адистери М.Аттокуров жана Э.Ажиматов иш берүүчүлөр менен кызматкерлердин укуктары жана милдеттери, эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук, социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү жана эмгек акы жөнүндө кенири түшүнүк беришти. Семинар баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрага, төрайымдары, мектеп директорлору тарабынан берилген суроо-жооп менен коштолду.

Кесиптик бирлик окуу-семинарында райондук жана шаардык кесиптик бирлик комитеттеринин төрага, төрайымдары И.Мырзамидинов жана З.Азнабакиева семинардын катышуучулары тарабынан берилген суроолорго жооп  жана түшүндүрмө беришти. Семинардын катышуучуларына укуктук-ченемдун актылар жөнүндө пайдалуу кеңештер берилди.             

 

Маалыматты даярдаган: Өзгөн райондук кесиптик бирлик комитети