Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кесиптештерге жардам көрсөтүлүп жатат

Жалал-Абад областынын Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн Чаңгыр-Таш айылында сел кырсыгынан көптөгөн айыл тургундарынын үйлөрүнө ылай суу кирип, короолорун суу каптап 20дан ашык билим берүү кызматкерлери оор түйшүккө кабылышты, анын ичинде бир мугалимдин 6 жашар кызы каза болду, бир бала бакчаны суу каптады. Учурда райондук билим берүү бөлүмү жана райондук кесиптик бирлик комитети мугалимдердин демилгеси менен жабыр тарткан мугалимдердин үйлөрүн тазалап, аларды калыбына келтирүүгө жардам беришүүдө.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин адиси М.Примкулов