Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кесиптештерден кабар алынды

2023-жылдын 17-апрелинде Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин төрагасы А.Исмилов, жооптуу кызматкерлери менен Токтогул районунунда болушту. Алгач Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Токтогул райондук комитетинин төрагасы Т.Исраилов менен бирге авто унаа кырсыгынан каза болгон Көтөрмө айылындагы №18 Кубатбек Чокоев атындагы орто мектебинин мугалими Момунбекова Сүйүнбүнүн үй-бүлөсүнө барышып, Борбордук Комитетинин төрагасы А.Токтогуловдун да атынын көңүл айтылып куран окулду.

Үй-бүлөсүнө, туугандарына кесиптик бирлик тарабынан камкордукка алынып мыйзамдуу жардамдарды берилиши тууралуу жетиштүү  маалыматтар берилди.

Момунбекова Сүйүнбү эмгектенген №18 Кубатбек Чокоев атындагы орто мектебинин жетекчилиги менен жолугушуп, көңүл айтылды. Мектептин директору А.Азаматова, кесиптик бирлик уюмунун төрайымы В.Кошоевалардын суроолоруна жооптор берилип, усулдук жардам  көрсөтүлдү.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Жалал-Абад облаттык комитетинин инспектору А.Айдаров