Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кесип бирлик мүчөлөрү жаратылыш койнунда

Аксы районунда кесип бирлик мүчөлөрү жайкы эс алууларды байма бай уюштурушуп жатышат. Алардын катарында Т.Сатылганов атындагы орто мектебинде профком кесип бирлик мучөлөрүнүн эс алуусун жогорку деңгээлде уюштурду. Кыргызстандагы экинчи орунду ээлеген тарыхый музей Манас ортосуна экскурсияга барып келишти. Бул музей Талас облусунда жайгашкан. Көптөгөн тарыхый мааниге ээ болгон экспонаттар бар. Манас атанын жашап өткөн кылымын баяндаган көрүнүштөр чагылдырылган. Манас ордону көрүү үчүн дүйнөнүн эң алыскы жерлеринен туристер келишет. Мугалимдер да жаратылыш койнунда эс алып, жакшы маанайда келишти. Мектептин директору да, жалпы жамааты кесип бирлик комитетинин төрайымына чоң рахматын айтышты. 


Материалды даярдаган:

 Наргиза Тотоева