Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кемин райондук билим берүү кызматкелеринин профсоюз комитетинин отчеттук кайра шайлоо конференциясы

            19-февраль 2015-жылы Кемин  райондук  билим  берүү  кызматкелеринин  профсоюз  комитетинин  отчеттук  кайра  шайлоо  конференциясы Кемин   № 3  орто  мекбебинде  болуп  өттү. Конференцияга Билим илим  кызматкерлер  профсоюзунун Борбордук Комитетинин эмгекти  коргоо жана техника  коопсуздугу  боюнча   адиси К. Ниязбеков  катышты. Конференцияга 50 делегат   мектептерлин, балдар бакчаларынын жамаатынын атынан көрсөтүлгөн. Конференцияга 49  делегат  катышты. Отчеттук  жылдардын  ичинде  жасалган  иштер  боюнча райондук  профсоюз  комитетинин  төрайымы А.Т.Чылабаева  доклад жасады. Райондо  Кыргыз Республикасынын  «Билим  берүү», «Мугалимдин статусу» законунунда  каралган Мугалимдерге  коммуналдык  жактан  жардам  көрсөтүү  боюнча  алгылыктуу  иштер  жүрүп  жаткандыгы  баса  белгиленди. Профсоюз комитетинин  демилгеси  менен 2010-жылы  айыл өкмөттөрдун   бюджетин  кароодо сметага  атайын  мугалимдерге  коммуналдык  жардам статьясы  киргизилген.

 

2011-жылда бардыгы  180.000  сом коммуналдык  жактан  жардам  берилсе  бул  сумма  жылдан  жылга  өсүп, 2014-жылы 1.260.000  сомду  түзгөн. Өзгөчө  Кемин, Орловка шаарлары 3000сомдон, Ак-Түз айыл  өкмөтү  ар  бир  мугалимге бир  жылда 9000 сом, Жаны  алыш  айыл өкмөтү 1800 сом калган 9 айыл өкмөт 1000  сомдон  жардам  беришкен. Ошондой  эле  билим  берүү  тармагында  иштеген  кызматкерлерге  эмгек  акыны эсептеп төлөөдө  кетирилген  кемчиликтер; Кемин № 3.Нур, Кичи-Кемин, Жаны Алыш, Алтымыш, Карал Дөбө, Калмак Ашуу, Чым Коргон орто  мектебинин  мугалимдерине 69.000  сом  акча  каражаты   өндүрүлүп  берилген. Жаӊы Алыш  орто  мектебинин  соц  педагогу Төлөмүшовага  12000 сом, Кемин № 3  орто  мектебинин тарбия  завучу Ч.Мурадиловага 10000 сом  акча  каражаты  тарификациядан  кетирилген  кемчиликтерден улам  төлөнбөй  калган. Декабрь  айынын  эмгек  акысына кошуп  төлөнүп  берилген.

Ал  эми  кенже  тейлөөчүлөргө  түзүлгөн  эмгек  шарттары  боюнча  профсоюз  комитетинин  демилгеси  менен 13 орто  мектепке суу  жылытуучу "Аристондор"  коюлган.

                             Отчеттук  докладга  жарыш  сөзгө  чыккан  ар  бир  делегат райондук  профсоюз  ишине   ыраазычылык  билдиришти жана Кемин  райондук  билим  берүү  кызматкерлеринин профсоюз  комитетинин төрайымдыгына  бир  добуштан А.Т.Чылабаеваны  шайлашты.