Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Келишимдер кабыл алынды

Ысык-Көл. Ак-Суу.  Келишим профсоюз уюмунун негизги  иштөө документтеринин бири экендигин туура түшүнүшкөн Мамакеев атындагы жана Элебесов атындагы орто мектептеринин профсоюздук уюмдары өздөрү демилге көтөрүп жакында профсоюздук уюм менен мектеп администрациясынын ортосундагы жаңы-эки тараптуу келишимдерди кабыл алышты.

- Эки тараптуу келишимдин мааниси зор,- дейт Мамакеев атындагы орто мектебинин профкому Лена Кенжебаева, себеби бүгүнкү күндө уюштуруу иштеринин бардыгын мектеп администрациясы өздөрү жүргүзүшүп, буйруктарды да өздөрү чыгарышат. Жаңы окуу жылынан баштап финансы маселелери да мектеп жетекчилиги жана райондук билим берүү бөлүмдөрү аркылуу ишке ашырылат. Демек, билим тармагынын иштеринин бардыгы тең мектеп администрациясы аркылуу жүргүзүлүп жаткандыктан биздин профсоюздук уюм мына ушундай чечим кабыл алды.

 Эки тараптуу келишимде бардык маселелер камтылган жана керектүү мыйзамдардын негизинде жөнөкөй жазылган, жети барактан турат. Түзүлгөн эки тараптуу комиссия келишимдин аткарылышына көзөмөл жүргүзүп турмакчы.