Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Келечекке зордук-зомбулуксуз кадам»

2019-жылдын  31-январь күнү Лейлек районунда «Келечекке зордук-зомбулуксуз кадам» аттуу райондук семинар Исфана шаар башкармалыгына караштуу Т.Жапаров атындагы орто мектебинде болуп өттү.

Семинарга райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, райондун мектептеринин директорлору жана социалдык педагогдору, билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитетинин төрагасы,  укук коргоо органдарынын, социалдык жактан коргоо башкармалыгынын өкүлдөрү, жаш өспүрүмдөр менен иштөө боюнча инспекторлор, айыл өкмөттөрүнүн социалдык кызматкерлери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү болуп жалпысынан 150 киши катышты. 

Семинардын максаты жана аткарылып жаткан иштер, келечектеги пландар тууралуу Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы У.Жеемуратов иш-чаранын баш сөзүндө кеңири маалымат берди.

Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башкы адиси  А.Жамилов район аймагында зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча атайын иш-чара иштелип чыгып, комиссиянын курамы бекитилгендигин айтып, бул боюнча айыл аймактарындагы аткарылып жаткан иштерди белгиледи.

Семинардын жүрүшүндө эки доклад жасалып, катышуучулардын талкуусуна эки турмуштан алынган сахналык көрүнүштөр тартууланды.

Андан соң,  укук коргоо органдары тарабынан көйгөйлүү маселелер канчалык деңгээлде көтөрүлүп, кандай чаралар көрүлүп жаткандыгын айтылып, мектеп жамааттары гана эмес, жалпы коомчулукту бул көйгөйлөрдү чечүүгө тартуу зарылдыгы бар экендигин белгилешти. Ошондой эле жаңы киргизилген мыйзам ченемдери тууралуу маалымат берилди...

Ал эми мектеп директорлору тарабынан болсо өз кезегинде  ата-энелер менен көбүрөөк жолугушууларды уюштуруп, алардын мыйзам чегиндеги укуктары менен кошо жоопкерчиликтерин үйрөтүп, баланы тарбиялоого, кайсыл жерде болбосун көзөмөлгө алууга милдеттүү экендигин билдирүү зарыл экендиги айтылып, токтом кабыл алынып, семинар жыйынтыкталды.

 

Материалды даярдаган

 Марина Сагалиева