Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Келечек муундардын майрымы.

Келечек муундардын майрымы.

2020-жыл Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында Ноокен районунда 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата бир катар иш чаралар өткөрүлдү.

Иш чарага Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Э. Маматаев катышып, келечек муундарды майрамы менен куттуктады. Райондун аймагындагы эң алдыңкы окуучулар, областтык олимпиададан алдыңкы орундарды ээлегендер, “Сыйкырдуу түстөр” онлайн сүрөт сынагынын жеңүүчүлөрүнө жана “Келечек нурлары” сынагынын катышуучуларына жалпы 40 балага дипломдор менен кызыктыруучу белектер, шириндиктер тапшырылып, майрамдык маанай тартууланды.

Ошондой эле райондун аймагындагы ата-энесинин камкордугунан ажыраган, турмуштук оор кырдаалга кабылган үй бүлөдө жашаган, мүмкүнчүлүгү чектелген үйдө окуган балдар, жалпы 100 балага райондогу мекеме-ишкана жетекчилери тарабынан азыркы кырдаалга байланыштуу белектер үйлөрүнө жеткирилип, тапшырылды. Андан сырткары мектеп, бала бакча жетекчилери баштапкы кесиптик уюмдары менен биргеликте 11600 балага 149 000 сомдук белектер тапшырылды.

Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси А. Каримова