Председатель

Наши партнеры

Статистика

Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин 75 жылдык мааракеси

         2015-жылдын 13-июнунда К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун 75 жылдык юбилейине карата салтанаттуу иш чара К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун музейинин жана көргөзмөсүнүн ачылышы менен башталып, ЫМУнун окутуучуларынын жана студенттеринин илимий-изилдөөчүлүк, ойлоп табуучулук жана чыгармачылык ишмердигинин жыйынтык көргөзмөсү жана ЫМУнун спорт комплексинин салтанаттуу ачылыш аземи менен улантылды.

        Андан соң Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары куттуктоо сөз сүйлөштү. Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри Ниязалиева Дамира Абаскановна куттуктоо сөз сүйлөп, Кыргыз Республикасынын илим жана билим министирлигинин «Ардак грамоталарын», «Эл агартуунун мыктысы» төш белгилерин ЫМУнун окутуучуларына тапшырды.

Кыргызстандын профсоюздар федерациясынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин Борбордук профсоюз комитетинин төрагасы, К.Тыныстанов атындагы университетинин Ардактуу профессору Токтогулов Асылбек Токтогулович куттуктоо сөз сүйлөп, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин Борбордук профсоюз комитетинин сыйлыктарын белгилүү жазуучу Аман Саспаевге жана бир катар окутуучуларга тапшырып,  өз сөзүндө «Университеттин Бириккен профсоюздар комитети бутуна бекем турган, өзүнүн кадыр баркын көтөрү боюнча алдыга асыл максаттарды койгон, күчтүү уюм болуп саналат»  деп белгилеп өттү.

            Жакынкы жана алыскы чет мамлекеттердин жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү куттуктоо сөздөрун айтышып, К.Тыныстанов атындагы ЫМУга жана ректор Курманбек Абдылдаевке сыйлык, белектерин тапшырышты.

        Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбеков Акылбек куттуктоо сөз сүйлөп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Каптагаев Эмилбек Саламатовичтин атынан окуу жайдын окутуучуларына «Ардак грамоталарды» тапшырды. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Сариева Эльвира Кубанычбековна К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун тарыхына токтолуп, окуу жайдын өлкөбүздүн өнүгүүсүнө кошкон салымын айтып, жалпы жамааттын иштерине ийгилик каалады.

         ЫМУнун бүтүрүүчүсү Кыргыз Республикасынын экономика министри Панкратов Олег Михайлович сөз сүйлөп, өзү билим алган окуу жайдын билим берүүгө кошкон салымын айтып, бир кезде билимин берген агай, эжейлерине чын ден-соолук, иштерине ийгилик каалады. ЫМУнун ардактуу бүтүрүүчүлөрү жана ардактуу аксакалдар Тилектеш Ишемкулов, Калканбай Ашымбаев, Кусейин Исаев, Черикчи Бакасовдор куттуктоо сөздөрүн айтышып, окуу жайдын келечегинин кенен экендигин, 75 жылдыкка арналган иш чаранын жогорку деңгээлде өткөндугун баса белгилешти. Ошондой эле кыргыз элине белгилүү коомдук ишмерлер ЫМУнун бүтүрүүчлөрү Жанкороз Каниметов, Талант Үсөновдор куттуктоо сөздөрүн айтышып, сый белектерин тапшырышты.

 

ЫМУнун бириккен профсоюздар

комитетинин төрагасы                                                               Алымбаев К.И.

_________________________________________________________________________________________________________________________

Иссык-Кульскому государственному университету                          имени Касыма Тыныстанова  75 лет.

 

12-13 июня 2015 года Иссык-Кульский государственный университет отметил свой 75-летний юбилей. 12 июня состоялась международная научно-практическая конференция «ГАРМОНИЗАЦИЯ НАУКИ И ОБРАЗОВАНИЯ В СОВРЕМЕННЫХ УСЛОВИЯХ ГЛОБАЛИЗАЦИИ И ИНТЕГРАЦИИ» с участием гостей из Швеции, Индии, Турции, Калмыкии, Казахстана и также гостей с разных областей Кыргызстана, посвящённая 75-летию ИГУ им. К.Тыныстанова.  Даная конференция проводилась с целью позиционирования основных достижений ВУЗа, анализа результатов модернизации системы образования, организационно-педагогических условий, состояния и перспектив развития образования с учетом современных социально-экономических тенденций. В ходе работы конференции прошли заседания 4 - секций по актуальным вопросам различных  направлений образовательных наук. На секциях представителями академической общественности  был представлен опыт преобразований в сфере образования, обсуждены проблемы и перспективы модернизации системы образования, а именно интеграции, гуманизации, технологизации.

13 июня прошло официальное открытие Музея и Спорткомплекса университета с участием вице-премьер министра Намазалиевой Д., министра образования и науки КР Сариевой Э., министра экономики Панкратова О., председателя федерации профсоюзов Кыргызстана, председателя профсоюза работников образования и науки, почетного профессора ИГУ им.Касыма Тыныстанова  Токтогулова  Асылбек  Токтогуловича.

        В этот же день на торжественном собрании посвященной 75 летию ИГУ им. К.Тыныстанова  А.Токтогулов вручил нагрудные медали “Отличник профсоюзного движения”, почетные грамоты  сотрудникам и профессорско-преподавательскому составу а  также активистам профсоюзного движения.

В своем вступлении он отметил о том что  “Иссык-Кульский государственный университет является кузницей, которая выпустила сотни профессиональных кадров и ярких личностей”.

            В завершении своей поздравительной речи А.Токтогулов отметил  на сегодняшний день объединенный профсоюзный комитет Иссык-Кульского государственного университета им. Касыма Тыныстанова уверенно ведет свою плодотворную деятельность. Укрепление и развитие профсоюзного движения для повышения интересов каждого члена, на основе проделанных мероприятий, повышение авторитета профсоюза путем постановки и реализации ценных целей и обязанностей позволяют формированию профсоюза как сильной организации, а также высокую важность и значение деятельности Иссык-Кульского государственного университета как одного из флагманов отечественного образования.

Данное мероприятие имело большое значение для развития образования и науки не только в Иссык-Кульской области, но и в Кыргызстане целом.

 

Председатель объединенного

профсоюзного комитета                                                             Алымбаев К.И

Просмотров: 1241 раз(а)