Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Карыяларга камкордук – профсоюздун көӊүл борборунда

      Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин Карыяларга урмат-сый көрсөтүү иш-чарасынын алкагында райондордо жана шаарларда бир катар иштер жүргүзүлүп жатат.

      Ушундай иш-чара жакында Ноокен районунда болуп өттү.

1-октябрь – Карыялар күнүнө карата Ноокен райкомунун билим берүү тармагында көп жылдар бою үзүрлүү эмгектенген ардагер мугалимдер билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитети (төрагасы К.Нышанов) тарабынан чакырылып, урмат-сый көрсөтүлдү.

      Сарыбаев Сатыбалды, Апсабиров Байыш,        Тухталиева Роза, Абдрахманов Мамадали-Ажы, Ажыматова Касиет ж.б. ардагер-жетекчи, ардагер-мугалимдер, билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери менен кесиптештеринин жолугушуусу өткөрүлдү.  Иш-чараны райкомдун төрагасы К.Нышанов ачып, ардагерлер-карыялардын билим берүү ишине, профсоюздук кыймылга, анын мүчөлөрүнө социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоого кошкон татыктуу салымдарын белгилеп, аларга куттуктоо сөзүн айтты. Ал өз сөзүндө карыялардын басып өткөн өмүр жолу, топтогон бараандуу тажрыйбалары жаштар үчүн дайыма өрнөк боло тургандыгына токтолду.

      Өз кезегинде сөз ардагерлерге берилип, көп жылдар мектеп  жетекчилери болуп иштешкен С.Сарыбаев, Б.Апсабыров, Р.Тухталиевалар профсоюздун райкому тарабынан жыл сайын аларга көрүлүп жаткан урмат-сый жана камкордуктар үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

 

 

 

Обкомдун пресс-катчысы: М.Абдыкадырова