Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Карыяларды кадырлоо” айлыгынын алкагында иш чара болуп өттү.

Илгертеден карыларды урматтап, “карынын кебин капка сал”, “карысы бардын ырысы бар” деп үйдө карыяларды төргө олтургузуп, кадырлап келишкен. Бүгүнкү күндө карыларыбыздын атайын майрамы белгиленип келет. Бүгүн 2020-жыл 18-ноябрь күнү Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинде Жалал-Абад обкому тарабынан уюштурулган иш чараны утурлай “Карыялар кадырлоо” айлыгынын алкагында иш чара болуп өттү. Анда Ноокен райондук билим берүү тармагында эмгектенген ардагер жана жардамга муктаж билим берүү кызматкерлери чакырылып, азык-түлүктөр таркатылды.  Иш чарага Ноокен райкомунун төрагасы К. Нышанов, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары З.Усенов, адиси У.Шамаматова катышышты. Иш чаранын жыйынтыгында ардагер агай, эжекелер профсоюздун өз мүчөлөрүн өлкөдө болуп жаткан оор учурда материалдык жактан колдоп,  камкордук иштерин жасап жаткандыктары үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.    

Ноокен райКБКнын

инспектору Т. Бакиров