Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Карыялар – ырысыбыз

      Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу №32 Н.Мешков атындагы орто мектеп, окуу-тарбия процесси жакшы жолго коюлган алдыӊкы мектептердин бири.

      Бул мектепте педагогикалык жамаат тарабынан тарбиялык мааниси мыкты иш-чаралар такай өткөрүлүп турат.

      Аталган мектепте 1-октябрь – Карыялар күнүнө арналган жолугушуулар өткөрүлдү. Тактап айтсак, иш-чаранын алкагында мектептин мугалимдери менен окуучулары жашы улгайып калган 8 карыянын үйлөрүнө барышып, ал акыбалынан кабар алышты, белектерди тапшыруу менен бирге щй жумуштарына да кол кабыш кылышты.

      Мындай камкордукка ыраазы болушкан карыялар баталарын беришип, жаштарды алкашты. Мындай иш-чаралар райондун башка билим берүү мекемелеринде да улантылууда.