Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Карысы бардын ырысы бар.

1-октябрь Эл аралык карыялар күнүнө карата Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитети тарабынан атайын иш чара уюштурулуп, райондун билим берүү мекемелеринин ардагер мугалимдери чакырылды. Анда Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Олжобаев, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.Нышанов аларды майрамдары менен куттуктап, каалоо сөздөрүн айтышты жана белектер тапшырылды. Ардагер агай, эжекелерибиз жетекчилерге көңүл буруп, сыйлап чакыргандыктары үчүн ыраазычылыктарын билдиришип, баталарын беришти.

 

Ноокен рай КБКнын инспектору  Т. Бакиров