Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Карысы бардын ырысы бар

Айдаров Абдираим Чоңахунович - 66 жашта

Айдаров Абдираим Чоңахунович өзү 45 жылдык эмгек жолунда билим берүү майданында он беш, билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун райондук , облустук комитеттеринде отуз жыл үлгүлүү эмгек өтөп келүүдө.

Ал жогорку окуу жайын ийгиликтүү бүтүрүп, алгачкы эмгек жолун Ноокен районунда катардагы мугалим болуп иштөө менен баштаган. Директордун орун басары , мектептин директору кызматтарында үзүрлүү иштегендиги үчүн анын тажрыйбасын баалап, билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук төрагалык кызматына конференцияда 1989-жылы май айында шайлашкан.

Айдаров Абдираим Чоңахунович жыйырма алты жыл үзгүлтүксүз иштеп, профсоюздук кыймылды өнүктүрүүгө өзүнүн бараандуу салымын кошуп келет. 2015-жылы апрель айында өткөн райондук конференцияда татыктуу кадрга өткөрүп берген.

Райондук , облустук иш-чараларда жаштарга өзүнүн турмуштук, кесиптик бай тажрыйбасын бөлүшүп , жаштарды замандын мыкты адамдары болууга үндөп келет.

Анын эмгеги татыктуу бааланып, “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги” , “Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун отличниги”, “Кыргызстан профсоюздар федерациясынын өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн Ардактуу төш белгиси” менен сыйланган.

Андан тышкары райондук , облустук  мамлекеттик администрацияларынын “ Ардак Грамоталарына” татыктуу болгон.

Ал үлгүлүү үй-бүлөнүн бактылуу атасы, балдар, кыздарды тарбиялап өстүрүп, татыктуу билим берип,чоң турмушка даярдаган. Учурда сүйүктүү неберлерин бапестеп, тарбиялап жаткан чоң ата катарында белгилүү.

Айдаров Абдираим Чоңахунович коомдук турмуштан четте калбай, бир нече жолу айылдык жана райондук кенештин депутаты болуп шайланып, замандаштарынын көйгөйлүү маселелерин чечүүгө өзүнүн күч-аракетин жумшап келүүдө. Масы айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамына татыктуу болгон. Райондун ардагерлер кеңешинин мүчөсү.

Учурда билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун   Жалал-Абад облустук комитетинде эмгекти коргоо , укук жана коопсуздук техникасы боюнча инспекторлук кызматты ийгиликтүү аркалап келүүдө.

Бул тармактын ишин илгерлетип, талаптын денгээлине көтөрүүгө, дайыма аракеттерди жасап келет.

Кесиптештери анын 66 жашка толгон кутман курагы менен куттукташып , ага бекем ден соолук, үй бүлөлүк бакты-таалай, ооматтуу жашоо каалашат. Бар болуңуз, урматтуу Абдираим Чоңахунович ! Аброюңуз артып, зоболоңуз оболой берсин, жараткан өзү колдосун!

Бирге иштегендердин атынан,

обкомдун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы А.Бегматов