Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Карылар күнү менен куттуктайбыз

Ардагерлер сыймыгыбыз!

Бүт өмүрүн жаштарды окутууга жана тарбиялоого арнаган ардактуу ардагерлерди бүгүнкү 1-октябрь – Карылар күнү менен чын жүрөктөн кызуу куттуктайбыз.

Кадырлуу биздин улуу муундагы агай-эжекелерибиз  өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө, квалификациялуу кадрлардыдаярдоого Сиздердин ат которгус иш аракеттериниздер бар экендигин эч ким жокко чыгара албайт. Сиздердин эл алдында сиңирген эмгегиңер бүгүнкү жана келечектеги жаштардын туура тарбияланышына, билимдүү болушуна жана ак эмгек өтөөсүнө өбөлгө болот. Ал жол көрсөтүп туруучу маяк катары балбылдап  жарык чача берет.

Андыктан кадырлуу ардагерлер!

Бүгүнкү майрамыңыздар кут болсун, дениңер сак болсун! Жасаган эмгегиңиздердин үзүрүн көрүп, төрүбүздүн көркү болуп жашай бериңиздер!

 

Кесиптик бирликтин Аксы райондук комитетинин төрагасы С.Камчыбеков