Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кароо-сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды

Жакында Ысык-Көл областына караштуу Ак-Суу районунда  «Жыл мугалими-2013» кароо-сынагы өткөрүлдү.

Мугалимдердин арасында мыктынын мыктысын тандоо боюнча бул мелдештин финалдык бөлүгүнө тиешелүү документтерин туура толтуруп убагында комиссияга өткөргөн, сабактарын жогорку денгээлде берип, өзүнүн ишине колдонуп жүргөн көрсөтмө куралдарын ийгиликтүү жактаган 16 педагог чыгышты.

Сынактын финалдык бөлүгү 4 номинациядан туруп катышуучулардын арасындагы таймаш жогорку денгээлде өттү. Калыстар тобунун катарында райондук мамлекеттик администрациясынын бөлүм башчысы Г.Суранчиева, билим берүү кызматкерлеринин райондук профсоюз комитетинин төрагасы Э.Садабаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М. Темиралиев жана башка тажрыйбалуу мугалимдер болушту.

Кароо-сынакты жыйынтыктап келгенде Баш байгени окутуу кыргыз тилинде өткөрүлгөн мектептердин катышуучуларынын арасынан Ашубаев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими Назгүл Айтиева, ал эми окутуу орус тилинде өткөрүлгөн мектептердин арасынан Киров атындагы гимназия мектебинин башталгыч классынын мугалими Елена Клещева жеңип алышты.

Жеңүүчүлөр жана жалпы эле сынактын финалдык бөлүгүнө катышышкан райондун бардык мугалимдери Дипломдор, Ардак Грамоталар, баалуу белектер менен сыйланышты. Райондук профсоюз комитети бул иш-чаранын ийгиликтүү жана калыс өтүшүнө салымын кошту жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо үчүн 25 миң сом акча каражатын бөлүп берди.