Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Караколдогу эмгек майрамы

     Көп жылдар бою 1-май эмгекчилердин Эл  аралык  тилектештигинин күнү катары белгиленип  келген.  Жыл сайын мектеп окуучулары, студенттер, эмгекчилер  желектер, гүлдөр, ар кандай чакырык –ураандар  менен балдардын колдоруна  шарларды  карматып,  майрамдык маанайда шаардын борбордук аянтына демонстрацияга чыгып, калганын үйдөгү майрамдык дасторкондо улантчу элек.  Акыркы демонстрация 1990-жылы 1-майда болуп ɵткɵн . Андан бери бул майрам жөн гана жаз майрамы катары майрамдалып алгачкы маанисин кетирип алгандай.
     28-апрель күнү  Каракол шаарында 1-май эмгекчилердин Эл аралык тилектешигинин майрамына карата ишембилик болду . Ишембиликке келген шаардын мугалимдери жеңиш паркын тазалап,  сырдап көркүнө келтиришти.  Билим берүү кызматкерлеринин шаардык профсоюз комитетинин демилгеси менен болгон бул иш чарага шаардык мэрия кубануу менен колдоо көрсөттү. Профсоюз активдеринин жетекчилиги менен мугалимдер улуу  май майрамын даңазалап “Май! Тынчтык! Эмгек!”, “Күч биримдикте”, “ Татыктуу  эмгекке –татыктуу эмгек акы”, “Сплоченные профсоюзы –крепкое общество”, “Эмгек адамына урмат жана сый” деген чакырыктар-ураандар менен чыгышып элдин назарын өзүнө бурушту. Алгачкы маанисин жоготуп бараткан  бул майрамдын чынында эле  эмгекчилердин Эл аралык тилектештигинин майрамы экендиги баса белгиленип, жалпы элди  шаар ичин тазалыкка келтирүүгө үндөдү.

Каракол шаардык профсоюз комитети    Касмалиева Ж.У.