Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Каракол шаарынын кичинекей тургундары майрамын шаардын борбордук аянтынан башташты

Бул жер майрамга жасалгаланып, балдардын жагымдуу күлкүсүнөн, жаӊырган музыкадан шаӊга бөлөнгөн. Асфальт бетине сүрөт тартып жаткан балдар өз иши менен алек. Социалдык өнөктөштөр тарабынан уюштурулган «Мамлекеттүүлүк жылы-Каракол шаарына -140 жыл» аттуу бул  сынакка  мектеп окуучулары катышышты. Конкурстук комиссиянын курамында Мэриянын, социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн, шаардык БББнүн, шаардык профсоюз комитетинин, маданият бөлүмүнүн кызматкерлери болду. Сынактын жыйынтыгы чыгарылып, бардык катышуучуларга бирдей белектер тапшыруу менен майрамдык чакан концерт тартуулангандан кийин   мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын кол өнөрчүлүгүнөн жаралган ар түрлүү буюмдарына жана тарткан сүрөттөрүнө аукцион жарыяланып, сатылгандан түшкөн акча  балдардын колдоруна кайтарылып берилди. Майрамдын экинчи бөлүгү шаардын «Пушкин паркында» уланды. Парктагы бардык атракциондор бул күнү балдар үчүн акысыз болду.