Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Каракол шаарындагы жаңы мектептин жана балдар бакчасынын ачылышы

   Каракол шаарындагы  жаңы мектептин  жана балдар  бакчасынын  ачылышы

 

Окуу жылынын башталышы менен Каракол шаарынын "Күн чыгыш"  кичи районунда эки кабаттуу жаңы мектеп, шаардын чет жагынан орун алган бир бала бакча ачылып шаар тургундары  кубанычка бөлөнүп турган кези . Бул билим уюткусу боло турган эки мекеме заманбап жаны окуу куралдары , жана  эмеректер менен камсыз болушту . Аты аталган №15 -орто мектеби менен №14 бала бакчасында иштеген кызматкерлер профсоюз уюмун түзүшүп , Каракол шаардык уюмунун катарын  толукташты. Билим берүү кызматкерлеринин Каракол шаардык профсоюз комитетинин төрайымы Касмалиева Жыпар Усеновна  аты аталган билим берүү уюмдарына  барып кесиптештерин куттуктоо менен бирге профсоюз иши жана анын алгылыктуу жактары жөнүндө кеп салып , профсоюздук  комитетин  мүчөлөрүн шайлоого катышып , баалуу  белектерин берүү менен жагымдуу жагдай түзүп кайтты. 

 

Каракол шаары

Ысык-Кол областы.