Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Каракол шаарында 22 - майда «Жыл мугалими-2014 » кароо-сынагынын акыркы туру болуп өттү

 Бул конкурска катышуу үчүн 10 мугалим арыз менен кайрылган. Алар эки турдан өтүштү. 3-тур  өзүн-өзү тааныштыруу, дидактикалык сабак, эрудит, хобби  сыяктуу тапшырмаларды камтыган. Конкурсанттарды баалоо үчүн алдын-ала жюрилер дайындалып, анын курамында: шаардык кеӊештин төрагасы Турсунбаев У.С., шаардык БББнүн башчысы Апышева В.С., шаардык профсоюз комитетинин төрайымы Касмалиева Ж.У., №2-гимназия-мектебинин директору Давлетова Д.К. болду. Конкурстун жыйынтыгы да, ага коюлган байгелер да жаман болгон жок. Баш байгени №11-гимназия- мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Нырко Алевтина, окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн класстары боюнча №11-гимназия мектебинин информатика мугалими Деркембаева Айгүл, 2-орунду №4-гимназия мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Абаева Керез, 3-орунду №1-орто мектебинин тарых мугалими Жумабаева Гулайым жеӊип алышты. Ал эми окутуу орус тилинде жщргщзщлгён класстар боюнча 1-орунду 35-орто мектебинин англис тили мугалими Урманбетова Нурида, 2-орунду №14-орто мектебинин орус тили мугалими Аргынбаева Гулзира, 3-орунду №6 орто мектебини англис тили мугалими Тиленова Нурия чыкты. Баш байге жана 1-орунду алган мугалимдер областтык «Жыл мугалими-2014»кароо сынагына жолдомо алышты.

 

Шаардык кеӊеш, мэрия жана шаардык профсоюз комитети тарабынан даярдалган баалуу белектер-2 муздаткыч, 2 кир жуучу машина, 3 тез ысытуучу жана 10 нан бышыруучу меш, 10 чаӊ соргуч сыяктуу баалуу белектер тапшырылды.

 

 Каракол шаардык профсоюз

 комитетинин торайымы          Ж.У. Касмалиева