Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Каракол шаардык билим берүү уюмдарында текшерүү жүргүзүлдү

                       Шаардык билим берүү уюмдарында  текшерүү  жүргүзүлдү

 

Каракол  шаарынын билим берүү  бөлүмүнүн башчысы Апышева Вера Султановна менен билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Каракол шаардык комитетин төрайымы Касмалиева Жыпар Усеновна билим берүү  уюмдарынын жетекчилеринин кадрдык иш кагаздарынын эмгек мыйзамынын чегинде аткарылышын  текшерүү максатында мектеп жана мектепке чейинки бардык уюмдарды карап чыгышты. Текшерүүнүн  жүрүшүндө эмгек келишимин түзүүдө жана өздүк  курам боюнча буйруктарды жазууда эрежеге ылайык келбеген одоно каталар кетирилип жаткан учурлар да болбой койгон жок .Мындай  кемчилдиктерге жеринде көрсөтмө берилип ,пайдалуу  кеп кеңештер айтылды. Ошону менен катар эле кээ бир жетекчилердин алгылыктуу  иш алып барып жаткандыгы кубандырбай койгон жок. Текшерүүнүн жыйынтыгы билим берүү бөлүмүнүн кеңешмесине коюлуп ,тажрыйбалуу жетекчилердин ишин жайылтуу жолго коюлууда .Эки игтен бир иш дегендей Касмалиева Ж.У  текшерүүнүн жыйынтыгы менен бирге баштапкы уюмдарда иш кагазын жүргүзүү ,эмгекти коргоо , эмгек мыйзамы боюнча атайын окутуу семинарын өткөрдү.

 

 

Каракол шаары.