Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Каракол шаардык отчеттук –кайра шайлоо VII конференциясы

Кечээ 12 ноябрда Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Каракол шаардык профсоюз комитетинин VII коференциясы болуп өттү. Конференцияга  мектеп, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринин профсоюз уюмдарынан шайланышкан 28 делегаттар, Борбордук Комитеттин төрагасы А.Т.Токтогулов, Ысык-Көл областтык профсоюздар Кеңешинин төрагасы Э.Р.Садабаев, Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ж.Б.Урумов, Тоң райондук профсоюз комитетинин төрагасы Н.А.Урманбетов, шаардык билим берүү мекемелеринин жетекчилери  катышышты. 2015-2020-жылдар аралыгында  аткарылган иштер жөнүндө кеңири маалымат берүүчү  докладын Каракол шаардык профсоюз комитетинин төрайымы Ж.У.Касмалиева, андан соң текшерүү комиссиясынын төрайымы К.С.Курбанова жасады.  Чакырылган меймандар менен делегаттар шаардык профсоюз комитетинин  дарегине айтылган каалоо-тилеги менен жакшы деген бааларын беришти. Конференцияда Борбордук Комитеттин төрагасы А.Т.Токтогулов сөз сүйлөп, Борбордук Комитет  тарабынан аткарылып жаткан иштерге,  алдыга коюлган милдеттерге токтолду. Шаардын профсоюз  активистерине “Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Борбордук Комитетинин, шаардык профсоюз комитетинин Ардак грамоталары тапшырылды. Жыйынтыгында делегаттардын колдоосу менен  Касмалиева Жыпар Усеновна Каракол шаардык профсоюз комитетинин  төрайымдыгына бир добуштан кайра шайланды.

Кудайбердиева Ж.Д.

Каракол шаары