Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кара –Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүндөгү чоң майрам

      Билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун Кара-Кулжа райондук комитети ушул жылдын 8-июнунда Алайкуу өрөнүндөгү Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Коочаты айылындагы Сагындык атындагы орто мектептин базасында мугалимдердин жана окуучулардын жайкы спартакиадасын өткөрдү. Спорттук мелдешке Ой-тал, Кызыл-Жар, Алайку айыл өкмөттөрүнүн 11мектебинин командалары күч сынашты.Спартакиадага Ош областтык билим,илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин аппараты,райондук профсоюз комитеттеринин төрага,төрайымдары катышты. Спартакиаданын программасына спорттун эки түрү киргизилди: волейбол, шахмат(эркектер,аялдар).Жеңүүчүлөргө кубок,дипломдор жана баалуу сыйлыктар тапшырылды. Командалык үч орунга Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасы С.Тойгонбаев 1.2.3-даражадагы дипломдорду жана үч чоң соргуч тапшырды, эки мыкты деп табылган оюнчуларга баалуу сыйлыктар берилди. Ошондой эле спорттук мелдештерди эң мыкты өткөрүүгө көмөк көрсөткөн Сагындык атындагы орто мектебинин жааматына түстүү телевизөр тапшырылды. Бул өткөрүлгөн иш чара өзүнчө бир чоң майрамга айланып, элдердин маанайын көтөрүп,унутулгус күн катары адамдардын эсинде калды.

Ушул эле күнү эрте мененки саат 8.30дан 10.00чейин 11 мектеп директорлору, 11мектептин баштапкы профсоюз уюмунун төрага, төрайымдары Ош областтык билим,илим кызматкерлеринин профсоюз комитети тарабынан өткөрүлгөн  семинарга катышышты. Семинарда төмөндөгүдөй маселелер каралды:

-иш берүүчүлөр менен кызматкерлердин укуктары жана милдеттери

-эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздукту сактоо

-кадрдык кызматтыниш кагаздарын уюштуруу жөнүндө

-социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү жана 2-3тараптуу жааматтык келишимдер жөнүндө

-кызматкерлерди эмгек өргүүгө чыгаруу жөнүндө

Окуу семинар суроо жооптор менен бышыкталып,кызыктуу өттү.