Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кара – Буура райондук билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун отчёттук кайра шайлоо конференциясы

2015 – жылдын 9 – апрель күнү Кара-Буура райондук билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун отчёттук кайра шайлоо конференциясы  болуп өттү. Мында райондук  комитеттин жана текшерүү комиссиясынын отчёттук мезгилде жүргүзгөн  ишмердүүлүктөрү жөнүндө доклад жасалды. Беш жыл ичиндеги жүргүзүлгөн иштери  талкууга  алынып, жарыш  сөзгө чыгып сүйлөгөндөр болду. Доклад менен чыгып сүйлөгөн райкомдун төрайымы  билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин  укуктарын, алардын  кызыкчылыктарын коргоо боюнча аткарылган  иштерге  токтолду.  Чыгып  сүйлөгөн  делегаттар  да   жетишкен ийгиликтерди   бекемдөө менен  райондук профсоюз комитети тарабынан көрсөтүлгөн  иштерди  жана  айрым  пайдаланылбай  жаткан  кээ  бир маселелерге  токтолушуп, өз пикирлерин  билдиришти. Конференциянын  делегаттары райкомдун  жана текшерүү  комиссиясынын иштерин жактырышып, аларды кайрадан  иштөөсүнө бир добуштан кол көтөрүштү.  Райондук  профсоюз комитетинин мүчөлөрүн шайлашты.                                       

Кара-Буура райондук билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун  төрайымына Абдыжапарова Рыстай Максутовнаны бир добуштан ишеним көрсөтүшүп кайрадан   шайлашты.