Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кара-Суудагы спартакиада жыйынтыкталды

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы «Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” №1 Жарлыгын ишке ашыруу максатында 2022-жылдын 16-апрелинде куну Кара-Суу районундагы билим берүү кызматкерлеринин арасында спартакиада өткөрүлдү.

Спартакиадага 1 шаар жана 16 айыл аймактарындагы мектептердин арасында райондук этапта спорттун 6 туру боюнча 1-орунду алган, курамында 550 кызматкерди камтыган командалар катышышты.

Райондук профсоюз комитети тарабынан катышуучулардын тамак-ашына 169 500  сом бөлүнүп берилди жана жеңүүчү командаларга Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмү менен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин комитети тарабынан даярдалган дипломдор, кубоктор жана  акчалай сыйлыктар тапшырылды.

 

Маалыматты даярдаган: Кара-Суу райондук КБКнын төрайымы Н.Исраилова