Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кара - Сууда кошмо семинар - окуу болуп өттү

2019-жылдын 11-апрель күнү Кара-Суу районундагы, Жоош айыл  өкмө-түндө жайгашкан №29 «Гайрат» орто мектебинин базасында Кара-Суу зонасындагы  65  жалпы билим берүүчү мектептердин баштапкы профсоюз уюмдарынын төрага, төрайымдарынын катышуусунда  семинар-окуу  болуп өттү.

Семинар-окуунун темасы:

  1. «Баштапкы профсоюз уюмдарынын каанасын түзүү жана иш кагаздарын жүргүзүү».
  2. «Зыяндуу жумуш орундарында эмгектенип жаткан кызматкерлерге кошумча акы төлөп берүү».

Семинар –окуунун ишине  Ош областтык билим,илим кызматкерлеринин профсоюз  комитетинин  жооптуу кызматкерлери катышып, төрага, төрайымдардын  ортосунда укуктук-ченемдик актылары жөнүндө  суроо-жооптор болуп диалог  түрүндө кызуу талкуу жүрдү. Мындан тышкары мектептин профсоюз мүчөлөрүнүн  катышуусунда  музыканын коштоосунда маданий-массалык иш-чара тартууланды.

 

Материалды даярдаган: Жакыпов Памирбек