Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кара-Суу районунда профсоюз комитетинин кошмо семинары болуп өттү

2015-жылдын 23-апрель күнү Кара-Суу районуна караштуу №25 Т.Өмүрзаков атындагы орто мектебинин базасында Ош областтык билим, илим  кызматкерлеринин профсоюз комитети  менен   Кара-Суу райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитети биргеликте семинар өткөрдү. Семинардын күн тартибинде «Баштапкы профсоюз уюмдарынын туруктуу комиссияларынын иш аракеттери» деген темада маселе коюлуп жогорку деӊгээлде уюшкандыкта өткөрүлдү. Семинардын ишине Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин кызматкерлери, райондордун, жогорку жана атайын орто окуу жайлардын   профсоюз комитеттеринин жана мектептердин профсоюз уюмдарынын төрага, төрайымдары катышты. Семинардын жүрүшүндө мыйзамдуулук, укуктук жана эмгек акы маселелер боюнча түшүнкүсүз суроолорго  түшүндүрмөлөр берилди. Ошондой эле иш кагаздарды жүргүзүү жана профсоюз кабинетин түзүү боюнча көргөзмө уюштурулуп, таркатма материалдар таркатылды.