Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кара-Суу районунда мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленди

      2017 - жылдын 5-октябрь күнү Кара-Суу райондук  мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Матраимов Тилекбек Исмаиловичтин демилгеси менен билим берүү мекемелеринде эмгектенип жаткан 300 дөн ашуун  чыгармачыл, эн алдынкы мугалимдерди жана мектеп, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы мекемелердин   окуу бөлүмүнүн  башчыларын жана иштеп жаткан 31 Баатыр энелердин   катышуусунда мугалимдердин кесиптик майрамы  жогорку деӊгээлде  белгилеп  өткөрдү.

       Майрамдык шан концерттик программалар менен коштолуп, ыраазычылык сөздөр, каалоо-тилектер айтылды.

       Райондогу чыгармачыл, эн алдынкы мугалимдерди жана окуу бөлүмүнүн  башчыларынын КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин мыктысы төш бергилери, КРнын Өкмөтүнүн Ош областык ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн  Ардак грамотасы, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы жана Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамоталары тапшырылды.

       Билим берүү кызматкерлеринин райондук профсоюз комитети тарабынан майрамдык кечеге катышкан билим берүү кызматкерлерине баарына баалуу сыйлык уюштурулду.