Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кара-Суу райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин окуу-семинары менен «Профсоюз кызматкерлеринин күнү» биргеликте өткөрүлдү

   2017-жылдын 19-октябрь күнү  райондогу № 95 К.Жантошев атындагы орто мектебинин базасында  пландын  негизинде окуу-семинары болуп өттү.  

   Окуу-семинардын ишине Ош областык билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин өкүлдөрү келип катышышты.

   Түштөн кийин райондогу 128 мектептин, 79 мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын баштапкы  профсоюз  уюмдарынын төрага, төрайымдарынын,  Пленум мүчөлөрүнүн жана 20 дан ашык чакырылган  коноктордун катышуусунда «Кыргызстан профсоюздар күнүнө» карата   иш-чара өткөрүлдү.

    Иш чаранын жүрүшүндө алдыӊкы профсоюз кызматкерлерине КРнын билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун БКнин «Профсоюз кыймылынын мыктысы» төш белгилери, «Ардак» грамоталары, Ош областык билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин «Ардак»  грамоталары тапшырылды.

    Кара-Суу райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитети тарабынан уюштурулган «Жылдын мыкты  профсоюз каанасы -2017» кароо-сынагынын жыйынтыгы чыгарылды. Кароо-сынактын жеӊүүчүлөрүнө жана активтүү катышкан мектеп, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын баштапкы  профсоюз  уюмдары диплом, акчалай сыйлык жана  вымпелдер менен сыйланышты. Ошондой эле алдыӊкы профсоюз мүчөлөрүнө, иш берүүчүлөргө жана ардагер мугалимдерге «Профсоюз кыймылынын ардагер»,  «Мыкты профсоюз кызматкери»   деп аталган  номинациялардын төш белгилери жана күбөлүктөрү тапшырылды.