Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кара-Суу РПКнын кезексиз Пленуму жөнүндө.

2020-жылдын  19-ноябрында  Кара-Суу  РПКнын кезексиз  чакырылган  Пленуму  өткөрүлүп, анда  уюштуруу  маселеси каралды. Күн тартибине  Кара-Суу  РПКнын  Пленум  мүчөлөрүн  толуктоо  жана  РПКнын төрагасын  шайлоо маселелери  коюлуп, бекитилди. РПКнын  төрагасын  шайлоого  эки    Пленум  мүчөлөрүнүн  талапкерлиги көрсөтүлүп,  ачык добуш  берүү жолу менен  шайлоо өткөрүлдү.

 -Исраилова  Нуржан  Абдраимовна  талапкерлиги  сунушталды,  ал буга дейре  РайБББнын  башкы адиси, мектептин директору, кайрадан  2019-жылдан тарта   РайБББнын башчы адиси  кызматтарында  иштеп келген.

-Омошов  Жаныбек  Садирдиновичтин  талапкерлиги  да  сунушталды,  ал буга дейре  РайБББнын  башкы адиси,  азыр  окуу-усулдук  борборунун  башчысы  болуп  иштеп турган.

РПКнын  33 мүчөсү  болсо, 26 мүчөсү  катышып талапкерлерди  колго салганда  Исраилова  Н.А.  үчүн  Пленум мүчөлөрүнүн 16 макул  деп  добуш беришти. Ал эми  Омошов  Ж.С. үчүн  10 мүчө добуш  беришти.  Пленум мүчөлөрүнүн көп  добушуна  ээ болгон Исраилова  Н.А. Кара-Суу  РПКнын  төрайымы  болуп шайланды. Жаӊы  шайланган  төрайымдын  ишине  ийгиликтерди  жана  бекем ден –соолукту  каалайбыз.

 

Ош ОПК.