Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кара-Суу районунун билим берүү кызматкерлеринин спартакиадасы болуп өттү

2021-жылдын 24-апрелинде Кара-Суу районундагы билим берүү кызматкерлеринин арасында спорттун алты түрү боюнча спартакиада өткөрүлдү. Спартакиадага жалпы 486 билим берүү кызматкерлери катышышты. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө диплом, кубок, медаль жана акчалай сыйлыктар берилди. Спартакиаданы өткөрүүгө кеткен чыгымдар Кара-Суу райондук кесиптик бирлик комитетинин эсебинен ишке ашырылды.

Волейбол боюнча:

Эркектер арасында:

1-орун Отуз-Адыр орто мектеби;

2-орун Примбердиев атындагы орто мектеби;

3-орун Папан атындагы орто мектеби. курама командасы.

Аялдар ортосунда:

1-орун Ленин атындагы орто мектеби;

2-орун Сабиров атындагы орто мектеби;

3-орун Момбекова атындагы орто мектеби.

Ошондой эле Ордо боюнча:

1-орун К.Абдылдаев атындагы орто мектеби;

2-орун Н.Исанов атындагы орто мектеби;

3-орун Октябрдын 70 жылдыгы орто мектеби.

Кичи-футбол боюнча:

Ч.Айтматов атындагы орто мектеби, жеңишке жетип диплом жана акчалай сыйлыкка ээ болушту.

Тогуз-Коргоол боюнча (Кыз-келиндер арасында):

1-орун Ж.Боконбаев атындагы орто мектеби;

2-орун Ленин, К.Жакыпов гимназиясы;

3-орун А.Рахманалиев атындагы орто мектеби.

Тогуз-Коргол боюнча (Эркектер арасында):

1-орун Турсун Заде атындагы мектеби;

2-орун Шарк атындагы орто мектеби, курама командасы;

3-орун Бапыгулов атындагы орто мектеби.                                                              

Шахмат боюнча (Эркектер арасында):

1-орун Сабиров атындагы орто мектеби;

2-орун К.Жакыпов атындагы мектеп гимназия;

3-орун Б.Абдрахманова атындагы  орто  мектеби.

Шахмат боюнча (Аялдар арасында):

1-орун  К.Жакыпов атындагы мектеп гимназия;

2-орун М.Тешебаев атындагы  орто мектеби;

3-орун  Б.Абдрахманова атындагы орто мектеби.

Стол тенниси боюнча (Аялдар арасында):

1-орун Абдрахманова атындагы орто мектеби;

2-орун Зарбалик орто мектеби;

3-орунга  Ю.Гагарин атындагы орто мектеби.

Стол тенниси боюнча (Эркектер арасында):

1-орун Савай атындагы орто мектеби, Таширов атындагы орто мектеби;

2-орун Кызыл-Кыштак а.о. курама командасы;

3-орун Ю.Гагарин атындагы орто мектеби.

 

Маалыматты даярдаган: Кара-Суу райондук профсоюз комитети