Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кара-Суу районунда мугалимдердин балдарынын жайкы эс алуусу жогорку деңгээлде уюшулду.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитети тарабынан билим берүү тармагында эмгектенип жатышкан мугалимдердин балдарын акысыз эс алдыруу жөнүндөгү демилгесин Кара-Суу районунда эмгектенип жатышкан мугалимдер коллективтери кубаныч менен кабыл алышты.

2018-жылдын 10-19-июль күндөрү Ноокат районунда жайгашкан Абдижалил Чынгараев атындагы эс алуу лагеринде 40 окуучу , 21-31-июль күндөрү Кара-Суу районунда жайгашкан Ак-Терек эс алуу лагеринде 55 окуучу, жалпысы 95 окуучу эс алып келишти.

Кара-Суу райондук билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан окуучулардын тизмеси, туулгандыгы жөнүндөгү күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү жана ден-соолуктары жөнүндө аныктамалар такталып, акысыз алып баруу жана алып келүү үчүн РПК тарабынан кичи автобустар уюштурулуп, жол коопсуздугун алдын алуу максатында МАИ кызматкерлеринин коштоосунда барып келишти.