Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кара-Суу районуна Ош ОПКнын кызматкерлери менен кошмо семинар-окуу болуп өттү

2019-жылдын 18-апрель күнү Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айыл  аймагында жайгашкан №28 «Учар» орто мектебинин базасында «Баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын кааналарын түзүү жана иш кагаздарын жүргүзүү»,  «Зыяндуу жумуш орундарында эмгектенип жаткан кызматкерлерге кошумча акы төлөп берүү» темаларында Ош зонасындагы  65  жалпы билим берүүчү мектептердин баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрага, төрайымдарынын катышуусунда  семинар-окуу  болуп өттү.

Семинар-окуунун ишине Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин комитетинин  жооптуу кызматкерлери М.Аттокуров жана Э.Ажиматов катышып, төрага, төрайымдардын эмгекти коргоо, техникалык коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча, укуктук-ченемдик актылары жөнүндө  суроолорго жооптор берилип, диалог  түрүндө кызуу талкуу жүрдү.

Мындан тышкары мектептин профсоюз мүчөлөрүнүн  катышуусунда  музыканын коштоосунда маданий-массалык иш-чара тартууланды.

 

Материалды даярдаган:

Жакыпов Памирбек