Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн көчмө жыйыны

2021-жылдын 30-апрелинде Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн көчмө жыйыны Жоош айылдык аймагындагы Гайрат орто мектебинде болуп өттү.

Жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактануусунун сапатын жакшыртуу жана рационун кеңейтүү максатында «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Мектеп алдындагы чарбалык ишинин уюштуруунун тартибин бекитүү» жөнүндөгү 2021-жылдын 16-февралындагы №46 токтомун аткаруу Кара-Суу районунун мектептери айрыкча көңүл бурууда. Мына ушул маселе көчмө жыйында талкууланды. Учурда бардык мектептерде, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында көмөкчү чарбалар уюштурулууда.

Көчмө жыйындын бирден бир максаты Гайрат орто мектебинде уюшулган көмөкчү чарба, лимон жана бадыран өстүрүүчү күнөскана, мөмөлүү дарактар бакчасы, 80 сотых беде талаасы жана «Нураида» балдар бакчасындагы тоок чарбасы менен таанышуу жана тажрыйба алмашуу болду.

Учурда райондогу 102 мектепте көмөкчү чарба уюшутурулган: 19 мектепте - мал чарбасы, 6 мектепте - тоок чарбасы, 91 мектепте - мөмөлүү дарактын багы, 20 мектепте - жашылча жер жемиш, 20 мектепте - айыл чарба эгиндери, 14 мектепте - терек, арча, кайың.

Ошондой эле, райондогу 67 бала бакчада көмөкчү чараба бар: 7 бала бакчада - мал чарбасы, 11 бала бакчада - тоок чарбасы, 6 бала бакчада - жашылча жер жемиштер, 51 бала бакчада - мөмөлүү жемиш бактары, 2 бала бакчада - айыл чарба эгиндери.

Ошондой эле, Көчмө жыйындын жүрүшүндө жергиликтүү кеңештерге депутат болуп шайланган 70 билим берүү кызматкерлерине райондук билим берүү бөлүмүнүн жана кесиптик бирлик комитетинин куттуктоо баракчасы жана баалуу белектер тапшырылды.

 

Маалыматты даярдаган: Кара-Суу райондук кесиптик бирлик комитети