Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кара-Көлдө мамлекеттик тил майрамы өттү

    Жалал- Абад областынын Кара-Көл шаарында Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясында мамлекеттик тилдин 28 жылдыгына карата “Кыргыз тили – тили болгон Манастын” аттуу иш-чара өттү.  Иш- чарага шаардын вице-мэри Гульмира Сатарова, билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун шаардык комитетинин төрайымы  Каракозуева Айгүл катышышты. 

    Бул иш –чаранын алкагында мектеп мугалимдери жана окуучулары кыргыз элинин тилин, маданиятын, каада-салтын чагылдырган сценкаларды коюп, тилибизди данктаган көркөм ырларды окуп, акыйнек айтышып, кара жорго бийин бийлешти. Кыргыз китептеринин көргөзмөсү уюштурулду.

№4 орто мектептин мугалимдери бул майрамга чоң  даярдык менен келишти.  Кыргыздын боз үйүнүн элементтерин камтыган жасалгаларды орнотуп,  улуттук кийимдерди кийишип  улуттук каада- салттарды көрсөтүп  майрамдын шаңын  чыгарышты.

Майрамдык иш-чарага активдүү катышкан мугалимдерге жана окуучуларга белек катары көркөм -адабий, илимий-методикалык  китептер берилди.