Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кара-Көлдө тил майрамы белгиленди

        Кара –Көл шаардык маданият үйүндө 24-сентябрда  “Кыргыз тилим-эне тилим” деген темада бардык мектептердин арасында  жыйынтыктоочу салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш- чараны ШБББнүн алдындагы усулдук кабинет жана Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюздук комитети тарабынан уюштурулуп, даярдалды. Майрамдык салтанатка активдүү катышкан мугалимдерди жана окуучуларды сыйлоо болду.  Кара –Көл шаарынын мэри Еркеев И. М, Кара-Көл шаарынын вице мэри Сатарова Г.О, Кара-Көл шаардык кеңештин төрагасы Кыргызалиев Б. Н экономикалык кылмыштуулукка каршы мамлекеттик кызматтын Кара-Көл шаардык бөлүмунун башчысы Чуштуков Ж.Б. келип катышышты.

Кара –Көл мэриясы тарабынан “Кыргыз тилим-эне тилим” деген темада дилбаян жазган окуучуларга, салтанатка мыкты катышкан окуучуларга грамота жана баалуу сыйлыктарды берилди. “Кыргыз тилим-эне тилим” деген темада жазылган дилбаяндарга конкурс өткөрүлүп, экономикалык кылмыштуулукка каршы мамлекеттик кызматы тарабынан №1 мектеп-гимназиядан 11-класстын окуучусу Байышбекова Айданек, Алмазбекова Назимай, Шопоков атындагы №4 орто мектебинин 9”а”классынын окуучусу Кубанычбек к Зина акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

“Манас баяны –ыйык көркөм сөз өнөрү”деген иш чараны аткарууда эң мыкты манасчылар №1 мектеп-гимназиянын окуучулары  табылып, мэрия тарабынан баалуу сыйлыктар- китептер  менен сыйланды.

“Мамлекеттик тил-жалпы улуттук кенч” аттуу конкурстун жеңүүчүсү №4 орто мектебинин  окуучулары аныкталды. Бул окуучулар   макал- лакап ,жаңылмачтарды, акыйнектерди жогорку деңгээлде аткаргандыгы үчун  баалуу сыйлыктар менен сыйланышты. “Мамлекеттик герб-мамлекеттин символикасы” деген дилбаян конкурсунун жеңүүчүлөрү болуп төмөнкү окуучулар аныкталды:

Ч.Түлебердиев атындагы №2 инновациялык жалпы билим берүү мектебинин 9”в”-классынын окуучусу Бабаканова А , Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясынын 9-классынын  окуучулары Дөөлотбеков Н.,Тургунова А. Ч.Түлебердиев атындагы №2 инновациялык жалпы билим берүү мектебинин 11-классынын окуучусу Молдомусаева К., Надырбаева А, Фрунзе атындагы №3 орто мектебинин  11-классынын окуучусу Жунузалиева Д, Жанызакова М, Шопоков атындагы №4 орто мектебинен 8-классынын окуучусу Бектурганова Г. Бул окуучулар мэрия тарабынан баалуу белектер менен сыйланышты.

“Көп улуттун урпагын көөдөнүнө батырган, жери сонун кыргыздын” деген темада кыргыз тилин, элин даңазалаган көркөм ырларды Тулебердиев атындагы №2 инновациялык жалпы билим берүү мектебинин окуучулары мыкты аткарышты.

“Үй -бүлө, тынчтык жана ынтымак”күнүнө карата сүрөт конкурсу өткөрүлүп, төмөнкү окуучуларга баалуу сыйлыктар тапшырылды.

1.Шопоков атындагы №4 орто мектебинин 8 ”б”-классынын окуучусу Акчалов Эрлан 1-орун, Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясынын 10”А”классынын окуучусу Масалбекова Айзада 2-орун, Тулебердиев атындагы №2 инновациялык жалпы билим берүү мектебинин 7 “В”-классынын окуучусу Апышова Нагима 3-орун.

  Бардык мектептер улуттук көл өнөрчүлүк конкурсуна катышып, көргөзмө уюшулду.

“Ырдайлы кыргыз ырларын” конкурсуна Фрунзе атындагы №3 орто мектебинин орус, татар улутундагы  окуучулары ыр бийлерди аткарып активдүү катышышгы.

Салтанаттуу кечеде “Улут болсоң,тилиң менен улутсуң” деген темада докладды Т.Темиров атындагы №6 орто мектебинин кыргыз тили жана адабият сабагынын мугалими Женалиева Рахат окуду. Ошону менен бирге кыргыз элинин баалуулуктарын камтыган  презентация слайд аркылуу көсөтүлдү.

 Мугалимдер жана окуучуларга шаар тургундарынын атынан ыраазычылык билдирилди.