Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кара-Көлдө областтык деңгээлде семинар өткөрүлдү. 51 жаштын сересиндеги чыгармачылык саресеп

2021-жылдын 30-мартында Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн Ч.Түлөбердиев атындагы №2 жалпы билим берүү инновациалык мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими Карагулова Бегимбү Төлөновнанын “Мезгил менен тең жарышып адымдап, мен баратам мекен жүгүн аркалап” аттуу областтык семинары болду. Семинарга областыбыздын район-шаарларынан жалпысынан 70тен ашык кыргыз тили жана адабияты мугалимдери жана методистери катышты. Семинарды областтык усулдук борбордун кыргыз тили боюнча жетекчи адиси Жолдошова Жамийла Колдошовна ачып берип, өзу андан ары алып барды. Семинар эки бөлүктөн:

1. “Мезгил менен тең жарышып адымдап, Мен баратам мекен жүгүн аркалап...” - Мугалимдин педагогикалык чеберчилигин таанытуу. (жеке презентациясы, ачык сабагы).

2. “Изде мени ырларымдын сабынан...” аттуу поэзиялык кечесинен турду.

 

Семинардын негизги максаты Бегимбү Төлөновнанын педагогикалык иш-тажрыйбасын областтык деңгээлде жайылтуу, мугалимдин балдар менен иштөөдо зор жетишкендиктерин даңазалоо, чыгармачыл адамдын чыгармачыл сабагын жакындан көрүп тааныштыруу. Сабак түгөнбөгөн түйшүк, коңгуроодон коңгуроого чейин окуучулар менен жакшы мамилени куруу - бул чыныгы мугалимдин күзгүдөн көрүнгөн, бүтүндөй бир сабактын деңгээлинде байкалган мугалимдин жүзү экендиги талашсыз. Канчалык сабак кызыктуу болсо, ошончолук убакыт билинбей тез өтүп, сабак көп чекиттер менен бүтөөрү шексиз.  “Жакшы сабактын чекити болбойт, ал илепке, таң калууга, шыктанууга, ойлорго, суроолорго жык толгон көп чекиттер менен гана бүтөт”, - деп улуу педагог Ш.А.Амонашвили  айткандай, бугүн Бегимбү эженин сабагы мына ушуга далил болду. Ачык сабактын темасы бүгүнкү күнгө дал келгени да (календардык планга туура келген тема), атайын таанытуу үчүн тандалып алынгандай баатырдын атын алып жүргөн мектептин атына байланышканы да, сырдуу дүйнөнүн табышмагы сымал  А. Өмүркановдун “Чолпонбай” поэмасы көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Сабак башынан аягына чейин А. Өмүркановдун өмүр жолу жана “Чолпонбай” поэмасы туралуу кеңири түшүнук берүү менен “Поэтикалык бөлүнүү” оюну, “Мен актер” оюну, “Баатырды согуш жаратат” баяндамасы, “Сүрөттөр менен саякаттоо”(текстен көркөм окуу), “Ыр курабыз” (зипгрейд), “Көркөм уютку” (таблица менен иштөө), “Чолпонбайдын элесине” аттуу автордун ыры менен коштолуп, интерактивдүү доскада көрсөтмөлүү иштөө, окуучулардын мугалимге берген кызыктуу суроолору мыкты талкууларды жаратып аягына чыкты. Инсандын мээсине кеткен жол журөктон башталат демекчи, эженин сабагы өтө таасирдүү болуп, айрым окуучулар чыгарманы жүрөгү менен кабылдап ыйлап да жиберишти. Кеп төркүнү сабактын жеткиликтүү, чыгарманын таасирдүү жазылганында болуп, сабак окуучунун сезимин ойгото алды жана башкаларды да кайдыгер калтырган жок. Чыгарманын жалпы мазмунуна, мугалимдин автордук эмгеги өбөлгө болуп “Чолпонбайдын элесине” аттуу ыр саптары балдардын эргүүсүн жаратты. Сабакта топтор менен иштөө, интерактивдүү методдор, зипгрейд, мээ чабулу ж.б. усулдар колдонулду.

 

“Менин мугалимдик өмүр жолум” “Изде мени ырларымдын сабынан...” аттуу ыр китебим менен тыгыз байланышта. Себеби ар бир өткөн күнүм, ой-санаам мектеп менен байланышкандыктан жүрөктөн чыккан саптар да ошол мектебимдин, кесиптештеримдин, окуучуларымдын элесине ширелишкен. Мен жан сырларымды, педагогикалык бейнемди ырларымдын сабына жанаштырып жашыргам, менин бүтүндөй өмүр таржымалым ырларымдын саптарында”, - дейт автор. Ооба, дал ошондой экендигин бүгүн акындын поэзиялык кечесинде өз көзүбуз менен көрүп кайттык. Бүтүндөй өмүрү педагогикалык чыгармачылыкка арналган эженин китебиндеги ырлар Мекенге, ата-энеге, классташтарга, окуучуларга, кесиптештерине, мектептеги ар түрдүү иш-чараларга арналганы ар бир сабында айтылып, көркөм шөкөөттөлуп түшүрүлгөн. Ар бир жакшы адамдын артында калдайган калын журт турат демекчи Бегимбү Төлөновнанын артында бүгүнкү семинарын өткөрүү үчүн бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып бир үй-бүлөдөй ынтымактуу болуп, улуунун айтканын кичүүсү жөнөтүп турган педагогикалык жааматы турат. Алсак семинардын конокторун кыргыздын салты менен ак дасторконго боорсогун көтөрүп, сары май менен оозандырып, конокторду тосуп алуу үчүн ак элечек апаларыбыз алдыбыздан чыкса, жаштарыбыз эжекенин иш тажрыйбасы менен тааныштырып көргөзмөгө көңүлүбүздү бурду. Мектептин директору Нурия Кымбаткановна өз сөзүндө мектептин жалпы тарыхына учкай токтолуп, уюткулуу мектептин көзү өтүп кеткен чыгаан агай-эжекелерин эскерип өтүп, алардын ордун толуктап келе жаткан жаңы муундун келечегине ишенимдүү кароо менен бүгүнкү областтык семинардын ишине ийгилик каалады. Ар бир ыр сабын куруучудан бетер кынаптап коюп, бүтүндөй эргүүнү, жашоо-турмуш сырларын ырына батырган акын кызыбыз Бегимбү Төлөновнага зор ишеним артарын билдирип өтту. Ал эми эженин ырларын мектеп окуучулары, кесиптештери, классташтары, ошондой эле устаты Байыш Мүсүралиев агайыбыз көркөм окушса, мектептин куурчак театры (жет. Бабаканова Назгүл) Актан менен Акылайдын аткаруусунда ыр саптарына жан киргизишти. “Адам бактылуу жашабайт, бактылуу мүнөттөр гана адамды бактылуу кылат эмеспи, мен бүгүн бактылуумун”, - дейт Байыш агай, - “себеби “Устаттан шакирт өтүптүр” дегендей бүгүн менин шакиртим минтип педагогикалык ишин областтык деңгээлде жайылтып, китебинин поэзиялык кечесин өткөрүп жатат, устатка мындан ашык бакыттын кереги жок” - деп сыймыктанат. Ооба, чындыгы ошондой, 51 жаштын сересиндеги чыгармачылык саресеп семинардын катышуучуларын кайдыгер калтырган жок. Эженин ар бир чыгармасы турмуштан алынып, жүрөктөн жүрөккө жетет.

Дагы чыгармачыл мугалимди шык берүү максатында мугалимдерди колдогон профсоюздук комитет эс алууга Жалал- Абад курортуна путевка берилди.

 

Материалды даярдаган: Кара-Көл шаарынын профкомунун төрайымы Каракозуева Айгуль