Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кара-Көлдө “Манас таануу” интелектуалдык таймашы болду...

“Манас” ЮНЕСКОнун материалдык эмес, адамзаттын маданий мурастарынын тизмесине, ошондой эле Гиннес рекорддор китебине дүйнөдөгү эң көлөмдүү эпос катары киргизилген. “Манас” эпосу – элибиздин руханий табылгасы, улуттун сыймыгы, кыргыз улутунун көөнөрбөс мурасы. Ал эми “Манас таануу” интелектуалдык таймашы өсүп келе жаткан жаңы муунга тарыхты үйрөтүп, мекенчилдик сезимдерин ойготуп, достукка, биримдикке, улут аралык ынтымакка тарбиялайт. 2021-жылынын 15-мартында, шаарыбыздын китепканасында Токтогул атындагы №1  мектеп-гимназиясынын 9-а классынын окуучуларынын ортосунда “Манас таануу” интелектуалдык таймашы болду.

Бизди кызыктырганы бир эле класстан үч команда таймашка чыкканы таң калтырды, себеби кээ бир учурда бир мектептен бир команда зорго чогултсак, бүгүнку көрүнуш балдардын Манасты таануусунун мыкты далили катары көрунүп турду. Таймашта командалар “Манас” үчилтигин (“Манас”, “Семетей”,”Сейтек”) бүгүну күндө окуп бүтүрушкөнүн, суроолор үч этаптуу даярдалганы маалымдалды. “Улуу баян”, “Айкөл ордо”, “Ак шумкар” деген үч топтун ортосунда кызуу таймаш бир жарым саатка созулду. Бул аралыкта балдар өздөрүнүн Манасты каначлык деңгээлде таанышыкандыгын көрсөтүшуп, берилген суроолорго жеке да, топ менен да, өз ара топтор ортосунда да билгичтик менен жооп берип жатышты. Чындыкка дал келген эпос муундан-муунга оозеки да, жоо-жомок түрүндө да, кошок түрүндө да ооздон-оозго айтылып, аяндуу түш болуп берилип да, жүрүп олтуруп азыркы күно жетип олтурат.

Кыргыз маданиятынын, кыргыз тилинин көөнөрбөс кенчи, кыргыз улутунун энциклопедиясы болгон “Манас” эпосун окуучуларга таанытып, таймашка алып чыккан кыргыз тили жана адабияты мугалимдери Шарипа Назаралиева жана Рахат Тагаева эжекелерибиз максатты туура коюу менен ийгиликке жетишип келишкендерин дагы бир жолу иш жузүндө көрсөтүштү. Мугалимдин окуучунун үйрөнүүсүнө ыңгайлуу шарт тузүшү - бул оозеки жана жазуу түрүндөгү текшерүүнү демейде да уюштуруу менен канчалык деңгээлде түшүнүктүү болгондугунун далилин бүгүнкү таймашта көрүп баамдап турдук. Окуучулардын өз алдынча жеке суроолорго жооп бериши, топ менен иштөөсү көрөнгөлүү билимдин бар экендигинен кабар берет. Демек, предмет жеткиликтүү өтүлүп келет. Балдардын саламдашуу маданияты, суроо-жооп маданияты, топто өздөрүн алып жүрүүсү, суроолордун жообун толуктоо үчүн эпостон эпизоддорду шар эле айта кетүүсү балдардын үчилтикти жеткиликтүү окуп чыккандыгынын жана мугалимдин жооперчиликтүү мамилесинин жообу катары кабыл алсак болот. Өз кесибинин мыкты адистери болгон тилчи эжекелер ар түрдүү көз караштарды, ой-пикирлерди түшүнүүгө аракет жасап, ар бир окуучуну табиятындай кабыл алып, балдар менен жагымдуу байланыш түзө алышат жана билимди жөнөкөй тил менен берип балдар менен диалог курууну алардын пикирлерин сыйлап мамиле түзүшөт. “Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат”, - дегендей бүгүнкү таймаштагы балдардын билими баарыбызды кубандырды. Натыйжада “Айкөл ордо” 42 упай менен 1-орунду, “Ак шумкар” 40 упай менен 2-орунду, “Улуу баян” 38 упай менен 3-орунду камсыз кылышты. Бир жарым сааттык таймаштан кийин окуучулар да, көрүүчүлөр да “Башканы коюп Манасты айт”, - демекчи, эпоско болгон кызыгуу менен тарадык...

Материалды даярдаган: Кара-Көл ШБББнын маалымат кызматы