Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кара-Көлдө “ 2018 жыл- Аймактарды өнүктүрүү жылына” карата “Ата-энелер мектеби-элдик мектеп” деген семинар өттү

2018-жылдын 20-апрелинде  “Ата-энелер мектеби-элдик мектеп” деген семинар болду.  Семинар азыркы коомчулуктун негизги маселеси болгон ата-энелердин баласын тарбиялоого көңүлүн буруусу,  окутуп-тарбиялоодо мектеп менен кошо  жоопкерчилигин сезүүсү максатында уютурулуп, өткөрүлдү.   Семинар Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясынын мектептен жана класстан тышкаркы иштерди уюштуруучусу Тагаева Рахат Аралбековнанын көп жылдык иш-тажрыйбасын жайылтуу алкагында өттү. Семинарга Жалал-Абад облустук билим берүү усулдук борборунун директорунун орун басары Т. Т. Тургамбаев жана областтын район, шаарларынан организаторлор келип катышышты. 

  Семинардын ачылышында мектептин директору Г. С. Кокоева, ШБББнүн башчысы А. Б. Мырзалиевалар ачып беришти жана иш –тажрыйбасын жайылтып жаткан Тагаева Рахат жөнүндө аннотацияны ШБББнүн алдындагы окуу-усулдук кабинетинин башчысы А. К. Каракозуева окуду.

Семинардын  теориялык бөлүгүндө Тагаева Рахат тема боюнча иш-тажрыйбасын презентациялады. Ага кошумча “Ата-эне- өз балдарына түбөлүк тарбиячы” темасында ата-энелер жана окуучулар менен болгон тренинг, “Үй бүлө куту- ынтымакта” деген темада тарбиялык саат, жаш адистер ата-эне менен кантип иш алып баруу керектигин үйрөтүүчү “Жаш мугалим-жаңычыл мугалим” семинар-тренингдер өтүлдү.

Семинардын практикалык бөлүгүндө “Ата-эне, мектеп бириксек, балдарга болот келечек” деген темада “Келгиле, окуйбуз” долбоорунун негизинде класстан тышкаркы иш-чара, “Балдарды мектепке окутууда үй- бүлөнүн ролу” темасында жалпылоочу доклад, “Аталар конференциясы” өтүлүп, соңунда иш-чарага катышкан аталар мектептин короосуна балаты туялар отургузулду.